Алматы онкологиялык борборунда химиотерапиялык дарыларды даярдоо үчүн KiroOncology деп аталган роботтоштурулган система ишке киргизилди.
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул робот венага сайыла турган дары-дармектерди аралаштырып, флакондорго куюп берет.
Процесс бүткөндөн кийин робот колдонулган флакондор менен шприцтерди герметикалык контейнерге таштайт дагы ал автоматтык тиүрдө жабылат. Бул учурда химиотерапевтик каражаттардын калдыктары менен адамдын түздөн-түз байланышуусу болбойт.
“Бул технология мурда дары-дармектерди кол менен даярдоодо цитотоксикалык заттар менен байланышууга аргасыз болгон медициналык персоналдар үчүн тобокелдиктерди олуттуу азайтат”, – деп айтылат маалыматта.
Роботтун негизги артыкчылыктары:
- Дарынын дозасын так эсептейт;
- дары-дармекти 360 градустук камера жана сүрөт базасы аркылуу аныктайт;
- штрих-коддорду текшерип, компоненттердин салмагын аралаштыруу процессине чейин жана кийин да көзөмөлдөйт;
- дарыны туура тандоо жана дозалоо катасын жок кылат;
Ошондой эле колдонулган материалдарды автоматтык түрдө утилдештирип, кооптуу заттар менен байланышуу коркунучун азайтат.
Министрлик белгилегендей, өлкөдөгү көпчүлүк онкологиялык мекемелерде дары-дармектер кадимки ламинардык шкафтарында кол менен даярдалып келет. Бул дарыгерлер жана бейтаптар үчүн кооптуу бойдон калууда.
Жаңы роботтоштурулган системанын киргизилиши Казакстандагы онкологиялык жардамды коопсузураак, так жана заманбап кылуунун маанилүү кадамы катары бааланууда.




















