Деструктивдүү диний агымдын жактоочусу болгон Казакстандын 5 жараны жана 1 чет өлкөлүк жаран кармалды.
Республиканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, устубуздегу жылдын август айында Улуттук коопсуздук комитети Алматы шаарында, Караганда, Түркстан облустарында жана Улуутоо облусунда прокуратуранын координациялоосу жана милициянын жардамы менен терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрдү.
Анын жүрүшүндө деструктивдүү диний агымдын жактоочусу болгон Казакстандын 5 жараны жана 1 чет өлкөлүк жаран кармалды. Алар жек көрүү жана зордук-зомбулук идеологиясын, анын ичинде социалдык тармактар аркылуу тараткан деп шектелүүдө.
Кармалгандардан буюм далилдери табылып, анын ичинде 3 аскердик граната алынган.
Кылмышка шектүүлөрдүн экөө мурда каракчылык жана уурулук боюнча соттолгон.
Жазык-процесстик кодексинин 201-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык башка маалыматтар ачыкка чыгарылууга жатпайт.



















