Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) кызматкерлери Алматы шаарында беш чет элдик жаран пландаган террористтик актынын алдын алышты.
Бул тууралуу Казакстандын УККнын басма сөз кызматы билдирди.
«Улуттук коопсуздук комитети 2025-жылдын сентябрь айында Алматы шаарында даярдоо стадиясында болгон, беш чет элдик жаран пландаган теракттын алдын алды. Алардын бардыгы камакка алынды, тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, комитет сентябрь жана октябрь айларында Казакстандын сегиз жараны терроризмди жайылткан деген шек менен кылмыш иштеринин алкагында камакка алынганын белгиледи.



















