Казакстанда 546 айыл жана кыштак алкоголдук продукцияны сатуу жана колдонуу практикасынан ыктыярдуу түрдө баш тартты. Бул тууралуу Kazinform агенттиги Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигине таянып билдирди.
Ички иштер министрлиги көчөлөрдө жана коомдук жайларда укук бузуулардын алдын алуу максатында ири масштабдагы профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул иштер мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана ыктыярчылар менен биргеликте жүргүзүлүп, өзгөчө даректүү профилактикага басым жасалды.
Текшерүүнүн алкагында ички иштер органдарында каттоодо турган 9 миңден ашык адам камтылды. Алар тарабынан жасалган 2,8 миңден ашык мыйзам бузуу токтотулуп, 850 укук бузуучуга карата соттор тарабынан жүрүм-турумга байланыштуу атайын талаптар коюлду. Ошондой эле 900дөн ашык профилактикалык антиалкоголдук акция өткөрүлдү.
Мындан тышкары, сергек жашоо образын карманган калктуу конуштарды түзүү демилгеси өнүгүп жатат. Бүгүнкү күндө 546 калктуу конуш алкоголдук продукцияны колдонуу жана сатуудан ыктыярдуу баш тартты. Бул долбоор коомдук саламаттыкты чыңдоого жана узак мөөнөттүү келечекте укук бузуулардын азайышына багытталган.
— Биздин жалпы милдетибиз — коомдук коопсуздукту чыңдоо, үй-бүлөнү коргоо жана «Мыйзам жана тартип» принциптерин камсыз кылуу, — деп белгилешти ИИМде.
Буга чейин Жамбыл облусунда бир жыл ичинде акциздик товарлардын көмүскө жүгүртүлүшүнүн ири каналдары аныкталып, сот чечимдеринин негизинде салынган айып пулдардын суммасы 123 миллион теңгеден ашкан.



















