Казакстан Республикасынын Энергетика министрлиги өлкөдө альтернативдик энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Жаңы мыйзам суутек энергиясы сыяктуу экологиялык жактан таза технологияларга инвестиция тартууну жана Казакстандын салттуу энергия булактарынан көз карандылыгын азайтуу максатында иштелип чыккан.
Ведомство бул документтин кабыл алынышы өлкөдө көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну кыскартууга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө гана эмес, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берерин белгиледи. Мындан тышкары альтернативдик энергетиканы өнүктүрүү жаңы жумуш орундарын түзүп, экономиканын өсүшүнө түрткү берет.
Эскерте кетсек, IA Caravan Info Энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу боюнча эл аралык кеңеш (Борбор Азия) менен биргеликте Казакстандын борбору Астана шаарында 2024-жылдын 21-25-октябрында “Борбордук Азиянын жашыл экономикасына акыркы өндүрүш жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү” деп аталган Эл аралык инвестициялык форумун өткөрүүдө.
Форумга энергетика, экология, геология, айыл чарба, туризм ж.б. тармагындагы алдыңкы эксперттер, талдоочулар, илимпоздор, Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин Сенатынын өкүлдөрү катышат.
Иш-чарада Борбордук Азиядагы биоэнергетиканы өндүрүү, өнүктүрүү, келечеги жана максаттары боюнча презентациялар жасалып, кызыкдар жана тиешелүү түзүмдөрдүн ортосунда меморандумдарга жана макулдашууларга кол коюлат.
Сүрөт: Коллаж IA Караван Инфо



















