Казакстандын энергетика министри Эрлан Аккенженов Түркмөнстан менен Казакстандын Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия (TAPI) газ кууру долбооруна катышуусу жана Галкыныш кенин иштетүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Бул Казакстандын TAPI долбооруна 30% үлүш менен акционер катары кошулуу пландарына тиешелүү деп жазат Kazinform агенттиги.
“Түркмөнстандан да, башка өнөктөштөрдөн да азырынча биз эч кандай жооп ала элекпиз “, – деген Аккенженов журналисттер менен болгон жолугушууда.
Анын айтуусунда, Түркмөнстандын супергигант Галкыныш газ кенин иштетүүгө катышуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат.
“QazaqGaz өз сунушун берди жана жооп күтүп жатат. Галкыныш дүйнөдөгү эң ири кендердин бири, андыктан бул процесс айрымдар күткөндөй тез болбойт”,- деп билдирген министр.
Ал белгилегендей, мындай долбоорлорду иштеп чыгуу абдан көп убакытты талап кылат, ал эми акционер болуу процесси да көпкө созулат. Ошондуктан тараптар комплекстүү баалоо жүргүзүп, тиешелүү чечимдерди кабыл алышы керек.
Ерлан Аккенженов мындан тышкары, быйыл Казакстанда үч жаңы газ кени ишке киргизилгендигин кошумчалаган.
“Газдаштыруу жагынан алганда, жаратылыш газы менен камсыздоо көрсөткүчү 64,2% га жетти. 2025-жылы 95 конуштагы 350 000 адам газ менен камсыз болот. Бул максаттарга 112 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүндү. Бул иштер дээрлик бүтүндөй өлкөнү камтыйт”,- деди ал.
Буга чейин Казакстанда газ өндүрүү 2030-жылга чейин 74 миллиард куб метрге чейин көбөйүшү мүмкүн деп күтүлгөн.
Эскерте кетсек, Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы газ кызматташтыгы үч багытка негизделген: түркмөн кендерин, анын ичинде эң ири Галкынышты иштетүүгө катышуу; TAPI сыяктуу магистралдык куур долбоорлорунда кызматташуу жана Түштүк Казакстанды камсыздоо үчүн түркмөн газын импорттоо.


















