Өткөн аптада Казакстандын борбору Астанада жана Алмата шаарында “Борбор Азия – Кытай – 2025” эл аралык медиа форуму өттү. Кытайлык “Жэньминь Жибао” аттуу гезити уюштурган иш-чарага Түркмөнстандан тартып, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Кытайдан 250гө жакын журналисттер катышты. Алгачкы жыйын Астана шаарында өтүп, аймактык кызматташууну жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты. Кийинкиси Алматада уланып, Кытай менен Казакстандын биргеликте иштетип жаткан долбоорлорун көрсөтүштү. Анын бири – Түркмөнстан — Өзбекстан — Казакстан — Кытай газ кууру болду.
Бул макалада аталган долбоордун кубаты тууралуу кенен маалымат жеткиргенге аракет кылабыз. Эмне үчүн ушуга токтолуп жатабыз? Анткени Кытайга газ ташуу боюнча мындай долбоор биздин Кыргызстан аркылуу да өтө турган болуп жатканын белгилеп кетишибиз керек.
“Азия газ кууру” – газ ташыган ири долбоор
Быйыл, 2025-жылдын башында, Казакстандын “Азия газ кууру” (AGP) компаниясы жыл сайын 44 миллиард куб метр газ экспорттой турганы пландалган. Бул көрсөткүч долбоордун толук кубаттуулугу болгон 55 миллиард куб метрге жеткенге мүмкүнчүлүгү бар экенин компаниянын “Алматы Көзөмөл борборунун” директорунун орун басары Адил Алиаскаров билдирип, кубаттуулукту 10 миллиардга чейин көбөйтсө боло турганын, бирок бул үчүн кошумча компрессордук станциялар жана ресурстар керек экенин айтты.
Түркмөнстан — Өзбекстан — Казакстан — Кытай магистралдык газ кууру 2009-жылы курула баштап, акыркы объекти 2016-жылы пайдаланууга берилген. Жалпы узундугу 7500 чакырымды түзүп, анын ичинен Казакстан аймагындагы бөлүгү 1310 чакырымга созулат. Газ кууру Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын жаратылыш газын Кытайга ташыйт.
Ички керектөө жана экспорт
Газ кууру Казакстандын төрт облусун — Алматы, Жетисуу, Жамбыл жана Түркестан аймактарын аралап өтөт. Бул аймактарда газды ички керектөө үчүн пайдалануучу туташуу пункттары жайгашкан. Айрыкча Алматы облусунда бул түйүндөр өнөр жай жана турак жай үчүн газ менен камсыздоо максатында колдонулат.
Пекинде долбоордун жалпы көзөмөлдөө борбору жайгашкан, ал эми биз барган Алматыдагы диспетчердик борборунда күнү-түнү казак жана кытай инженерлери иш алып барышат. Шелек айылындагы компрессордук станция сыяктуу объектилер газды тазалап, кысуу жана муздатуу иштерин автоматташкан системалар менен жүргүзөт. Бул станциялар 13 жерде жайгашкан жана алардын айрымдары күн энергиясына таянат.
AGP компаниясы “жашыл экономика” принциптерин колдонуп келет. Адил Алиаскаровдун айтымында, газ куурларында газдын басымы аз болуп кетишин минималдаштыруу боюнча чаралар көрүлөт. Мындан сырткары, станцияларда күн панелдери жана газ турбогенераторлор колдонулат. Бул экологиялык зыянды азайтып, газды электр энергиясына айлантууга мүмкүндүк берет.
Кытайга газ негизинен “Хоргос” деген түйүн аркылуу өткөрүлөт. Бул жерде күн сайын 126 миллион куб метрге жакын газ өткөрүлөт. Анын ичинен 101–110 миллион куб метри куур аркылуу кирет. Бул газдын бир бөлүгү кытай рыногуна жеткирилсе, калганы Казакстандын түштүк аймактарына тарайт.
Казакстандын газ стратегиясы: келечек пландары
Казакстандын энергетика министрлигинин 2024-жылдын аягындагы маалыматына ылайык, Кытайга газ экспорту соңку үч жылда туруктуу өсүүдө. Мисалы, 2022-жылы 34 млрд куб метр болсо, 2023-жылы 40 млрд, ал эми 2024-жылы 44 млрд куб метрге жетти. Өлкө бул багытты негизги экспорттук канал катары кароодо.
Ал эми 2025–2027-жылдары кошумча компрессордук станцияларды куруу жана куурдун “D линиясы” деп аталган жаңы бөлүгүн ишке киргизүү пландалууда. Бул “A”, “B” жана “C” линияларына кошумча болуп, экспорт көлөмүн 60 миллиард куб метрге чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Борбор Азиядагы энергетиканын ролу
Бул газ куур Борбор Азиянын энергетикалык картасында өзгөчө орунга ээ. Түркмөнстандын чоң газ ресурстары, Өзбекстандын ички өнөр жайы жана Казакстандын логистикалык позициясы бул долбоордун маанилүүлүгүн ар тараптан жогорулатууда.
Мындан сырткары, долбоор геосаясий мааниге сөзсүз таасирин тийгизет. Анткени Борбор Азия мамлекеттери үчүн бул багыт Орусияны айланып өтүп, түз Кытай менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Ошондой эле Кытайдын “Бир алкак — бир жол” стратегиясынын алкагында энергия коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшөт.
Жумушчу күчү жана эл аралык кызматташтык
AGP компаниясында 1300дөн ашык адам иштейт. Алардын 90 пайызы казак жарандары, 10 пайызы кытай адистери. Бул кадрдык келишим эл аралык кызматташтыктын үлгүсү катары каралат.
Компания дүйнөлүк экологиялык стандарттарга жетишүү үчүн Кытай, Европа жана башка өлкөлөр менен кызматташып келет. Бул багытта санарип мониторинг, экологиялык отчеттуулук жана көмүр кычкыл газын азайтуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырышат.
Жыйынтыктап айтканда, Түркмөнстан — Өзбекстан — Казакстан — Кытай газ куур долбоору Борбор Азияны дүйнөлүк газ картасына чыгарган. Казакстандын бул процесстеги ролу стратегиялык мааниге ээ болуп, ички керектөөнү камсыздоодо жана тышкы экспортту көбөйтүүдө чоң ийгиликтерге жетишкен. Ички логистика, технология жана экологияны айкалыштырган бул долбоор келечекте да энергия коопсуздугунун негизги элементи бойдон кала берээрине үмүт артышат.
Кыргызстан-Кытай газ кууру тууралуу
Кыргызстан дагы ушул глобалдык газ долбоорунун бир бөлүгү болууга аракет кылып келет. 2013-жылы Кыргызстандын аймагынан өтүүчү “D линиясы” деп аталган кошумча газ куурунун курулушу пландалган. Бул куур Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан аркылуу өтүп, Кыргызстан менен Кытайга жетет. Кыргызстандын аймагындагы бөлүгү 215 чакырымды түзүп, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунан өтмөкчү. Инвестициялык наркы 1,2–1,5 миллиард доллар деп эсептелет. Бул транзиттик каналдан Кыргызстан жылына болжол менен 90 миллион доллар табышы күтүлгөн. Жергиликтүү маалыматтарда долбоор 30 жылдык мөөнөткө эсептелип, бул жылдар аралыгында жалпы киреше 2,5 миллиард долларга жакындай турганы айтылган.
Бирок долбоордун ишке ашуусу бир нече себептен улам артка жылып келүүдө. Биринчиден, Тажикстандагы курулуш иштери кечеңдеген. Экинчиден, Түркмөнстан менен Кытайдын ортосунда газдын баасы боюнча бир пикирге келүү кыйын болгон. Үчүнчүдөн, Кыргызстанда жер маселеси коомдук талкууну жаратып, Алайдагы жерлер Кытайга берилет деген күмөндүү маалыматтар чыккан. Бирок бийлик өкүлдөрү жер убактылуу ижарага берилерин жана куур төрт метр тереңдикке төшөлөрүн билдиришкен.
Бул долбоор Кыргызстан үчүн инфраструктуралык жактан чоң мүмкүнчүлүк. Кытай сыяктуу ири энергетикалык рынокко транзиттик жол ачуу экономикалык көз карандылыкты азайтып, бюджетке туруктуу киреше алып келмек. Кыргызстан Борбор Азия менен Кытайды байланыштырган маанилүү географиялык түйүн катары позициясын чыңдай алмак.
Борбор Азиянын газ инфраструктуралары — бул жөн гана куур эмес. Алар аймактык кызматташтыкты, энергетикалык коопсуздукту жана глобалдык экономикадагы ордубузду аныктаган стратегиялык долбоорлор. Казакстан учурда бул мүмкүнчүлүктү активдүү пайдаланып жатса, Кыргызстан дагы ошол багытта кадам таштап, чече турган маселелерди реалдуу убакта чечүүгө тийиш.
Газ багытындагы бул ири долбоорлор — эгемендүүлүктөн кийинки Борбор Азиядагы эң маанилүү аймак аралык инфраструктуралык демилгелердин бири болуп калмакчы. Алар жакынкы ондогон жылдарда дагы экономика, экология жана геосаясат тармагында маанилүү ролун сактап калат.
Негизи “Кыргызстан-Кытай” газ куур долбоору “Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай” магистралдык газ куурунун бир бөлүгү болуп саналат. Аны куруу боюнча келишимге кыргыз өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) өкмөтү 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкекте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинде кол койгон.
Алгач курулуш иштерин баштоо 2016-жылга пландаштырылган. Куурдун Тажикстандагы линиясын бүткөрүү кечеңдегенден улам, кытай тарап Кыргызстандагы жумушун артка жылдырган. Ошентип, курулуш башталбай турат.
Даярдаган: А.Белеков



















