Казакстан 2024-жылдын 25-декабрында Актау аэропортуна жакын жерде кулаган “Азербайжан аба жолдорунун” учагынын жагдайы боюнча алдын ала отчётун жарыялады.
Бул боюнча Казакстандын Транспорт министрлиги учак “сырткы объекттерден” жабыркагандыгын, иликтөө аяктагандан кийин министрликтин расмий сайтына жарыяланарын билдирди.
Министр Марат Карабаевдин айтымына караганда, эл аралык эксперттер биргелешип иштеп жаткан иликтөө аяктап калды.
Алдын ала чыгарылган маалымат боюнча Embraer-190 учагынын кыйрашына бир катар олуттуу себептер болгон.
Документтеги урунттуу учурларды эске алганда:
Диспетчерлер Грозныйда “Ковер” планы, башкача айтканда Росавиациянын жетекчилиги бул украин дрондорунун чабуулунан улам бардык аба кемелеринин аталган мейкиндиктен кетүүсү каралган план экенин эскертишкен;
Учакка саат 05:13:31де сокку жасалган үн угулуп, автопилот өчүп калгандыгы боюнча сигнализация иштей баштаган. Андан көп өтпөй 34 секунддан кийин экинчи ирет сокку жасалганы катталган;
Борт коштоочу учкучка учактын арт жагындагы эки орундук жарылганын айткан. Андан кийин учактын экипажы Грозныйдагы диспетчерден Минеральные воды шаарындагы, андан соң Махачкаладагы аба ырайын сураган;
Кийинчерээк экипаж Бакуга кайтып келмек болуп, кайра Актауга учуп кетүүнү чечкен;
Учактын конструкцияларынан бир нече “бөтөн объектилер” табылган. Алар кошумча экспертизага жөнөтүлмөкчү;
“Бөтөн объектилер” келтирген зыянды аныктоо үчүн жаңы экспертизалар жүргүзүлөт.
Бул алдын ала жазылган отчет. Маалымат эл аралык эксперттер тарабынан дагы такталып, кошумчаланышы мүмкүн.
Бул жерде эксперттер талкуулаган эң популярдуу версиялардын бири – Грозныйга конуу маалында учактын спутниктик навигациялык системалары иштен чыгып, натыйжада конууну бир нече жолу токтотуп, кайра кайтып келүүгө аргасыз болгон. Андан кийин зениттик ракетадан жабыркаган. Андан соң Казакстанга учуп, бирок конгондо жерге кулап талкаланган.
Учак кырсыгынын натыйжасында борттогу 62 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсүнүн ичинен учактын куйрук бөлүгүндө болгон 29 адам аман калган.
Аман калгандардын үчөө кыргызстандыктар. Алар өз убагында ооруканага жеткирилип, дарыланып чыгышкан.
Ал эми башка серепчилердин ырасташынча, учак украиналык учкучсуз учактын чабуулунун мизин кайтарып жаткан маалда конгонуу үчүн жер-аба ракеталык системасы менен атылган. GPSтин бузулушуна дрондордон улам иштетилген электрондук согуш системалары себеп болгон.
Ал эми Батыш маалымат каражаттары Бакунун булактарына таянып, AZAL учагы Орусиянын абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлгөнүн жазышкан.
Бүгүн, отчет жарыялангандан кийин Reuters агенттиги Азербайжан өкмөтүндөгү булакка таянып, учактан орусиялык Pantsir-S ракетасынын бөлүгү чыгарылганын кабарлады.
Эскерте кетсек, кырсыктан бир нече күн өткөндөн кийин Владимир Путин Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге телефон чалып, “Орусиянын аба мейкиндигинде болгон кайгылуу окуя” үчүн кечирим сураган.


















