Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Алибек Куантыров АКШ президенти Дональд Трамптын Казакстандан импорттолуучу товарларга салык киргизүү чечимине комментарий берди.
Маалыматты “Казинформ” агенттиги билдирди.
Белгилүү болгондой Мажилистин сыртында журналисттер Куантыровго Тышкы иштер министрлиги казакстандык товарларга салыкты азайтуу боюнча АКШ өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабы деген суроо менен кайрылышкан.
“Биз бул маселени изилдеп жатабыз, анткени алымдар жаңы эле киргизилген. Жаңылбасам 27 пайызды түздү, ошондуктан учурда өкмөттө бул маселе каралууда”, – деди Куантыров.
Буга чейин Казакстандын Соода министрлиги Трамптын жаңы тарифтерине байланыштуу билдирүү жасаган.
Эскерте кетсек, 2-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп 185 өлкөдөн импорттолгон товарларга “күзгү” алымдар киргизиле турганын жарыялаган. Алардын арасында Борбор Азия мамлекеттери да бар.
Алымдар пайыздык чен менен көрсөтүлгөн. Молдова үчүн 31 пайыз, Казакстан 27 пайыз. Ал эми Украина, Грузия, Азербайжан, Армения, Түркмөнстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан үчүн 10 пайыз.
Ошондой эле Евробиримдиктин товарларына 20%, Кытай товарларына 34%, Япония товарларына 46%, Тайвандык товарларга 32% жана Түштүк Корея товарларына 25% бажы алымы кирет. Тизмеге Улуу Британия, Индия, Бразилия жана Швейцария сыяктуу ондон ашык башка өлкөлөр кирери белгилиүү болгон.
Бирок бул тизмеде Орусия жана Беларусь жок. Анын себебин АКШ өкмөтү бул эки өлкө менен санкциядан улам саада-сатык жок экендиги менен түшүндүргөн.
Эске сала кетсек, Трамп АКШга импорттолуучу бардык товарларга 10 пайыздык базалык бажы салыгын жана дүйнөнүн ондогон өлкөсүнөн импорттолгон товарларга дагы жогорку тарифтерди киргизээрин айткан.
Ал Евробиримдиктен келген товарларга 10% базалык алым киргизилерин билдирген. Муну кээ бир эксперттер «бул соода согушун козгоп, дүйнөлүк экономиканын кыйрашына алып келиши мүмкүн»,- деп кооптонушат.
Трамп 2-апрелди Американын “боштондукка чыгуу күнү” деп атап, “бул күн Американын өнөр жайы кайра жаралган күн, Американын тагдыры калыбына келтирилген күн жана биз Американы кайра байыта баштаган күн катары түбөлүккө эсте калат”,- деген.















