Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына жана Казакстан өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Афганистандагы кыйратуучу жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү, деп билдирет NUR.KZ сайты Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып.
ӨКМден маалымдагандай, мамлекеттик материалдык резервден керектүү дары-дармектер, медициналык шаймандар, төшөк-жай буюмдары, чатырлар жана башка алгачкы зарыл керектөөлөр бөлүнүп берилди.
Ошондой эле, Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жабыркагандарга квалификациялуу жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлердин тобу түзүлүп, Афганистанга жөнөтүлдү.
Гуманитардык жүктүн курамына жалпы салмагы 18 тонна болгон 34 аталыштагы товар кирет. Жүк Казакстан Коргоо министрлигинин учагы менен жеткирилүүдө жана бүгүн эле афган тарапка өткөрүлүп берилет.
Гуманитардык жардамды жүктөө жана түшүрүү иштерине ӨКМдин аскери бөлүктөрүнүн кызматкерлери жана аскерлери катышып, жүктү өз убагында даярдоо жана жөнөтүүнү камсыз кылышты.
Гуманитардык жардам KazAID – Казакстан эл аралык өнүгүү агенттигинин колдоосу менен көрсөтүлдү.
Маалыматта белгиленгендей, Казакстан Республикасы гуманизм жана өз ара жардам көрсөтүү принциптерине таянып, достук мамиледеги Афганистанга жардам берүүнү улантууда.
Эске салсак, 3-ноябрга караган түнү Афганистанда магнитудасы 6,3 болгон катуу жер титирөө болгон. Бийликтин маалыматына караганда, кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болуп, дагы ондогон адамдар жаракат алышкан.
Мындан мурда, 1-сентябрга караган түнү Афганистанда, Пакистан менен чек арага жакын аймакта магнитудасы 6 балл болгон жер титирөө катталган. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги ири масштабдуу куткаруу операциясы башталганын билдирген, бирок тоолуу аймактын жеткиликтүүлүгү татаал болгондуктан кыйроолордун көлөмүн баалоо кыйынга турган.
ЖМКлар жазгандай, биринчи жер титирөөдөн кийин беш афтершок катталган. Жер алдындагы силкинүүлөр Кабулдан тартып Пакистандын борбору Исламабадга чейин сезилген.
Расмий маалымат боюнча, курман болгон адамдардын саны 1,4 миңден ашып,3,1 миңден көбү жаракат алган жана сегиз миңден ашык үй бузулган.





















