Катар мамлекетинин премьер-министри шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль Тани АКШ менен Ирандын ортосунда макулдашууга жетишүүнүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
«Катар бул аймакта кандай гана аскерий аракеттер болбосун, эч качан колдобойт. Биз АКШ менен Ирандын ортосунда дипломатиялык чечим көрмөйүнчө багынбайбыз. Макулдашууга жетишүү зарыл», — деп келтирет Аль-Танинин сөзүн катардык «Аль-Жазира» телеканалы.
Анын билдирүүсү АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү Иран менен «тынчтык келишимине» үмүт артып жатканын кыйыткандан көп өтпөй айтылды.
Америкалык журналист Такер Карлсон менен болгон телекөрсөтүүдөгү маегинде Аль Тани Жакынкы Чыгыштагы ар бир өлкө Ирандын өзөктүк объекттерине мүмкүн болгон соккуларга тынчсызданып жатканын билдирди.
Ал Иран «биздин эң жакын коңшубуз жана биз бардык коңшулар менен жакшы мамиледе болушубуз керек… Иран менен мамилелерди жакшыртуу региондун кызыкчылыгына жооп берет» деп белгиледи.
Ошондой эле Аль Тани акыркы жылдары Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешине (ПБАМКК) кирген өлкөлөр менен Ирандын ортосунда эки тараптуу мамилелерде «чоң жылыш» болгонун белгиледи. Анын айтымында, Тегерандын тышкы саясаты боюнча айрым пикир келишпестиктерге карабастан, бул факторлор Перс булуңундагы өлкөлөр менен болгон эки тараптуу байланыштарга терс таасир тийгизбейт.
Жума күнү Трамп АКШ менен Иранды «кызыктуу күндөр» күтүп турганын айтып, ал Тегеран менен жаңы өзөктүк келишим түзүүнү же «башка вариантка» барууну көздөп жатканын билдирди. Бул билдирүү, сыягы, аскерий аракеттерге ишара кылат.
Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи «АКШ максималдуу басым көрсөтүү жана коркутуу саясатын улантып жаткан учурда, биз АКШ менен түз сүйлөшүүлөргө барбайбыз» деп билдирди.


















