Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Японияга болгон алгачкы расмий сапары император Нарухито менен жолугушуудан башталды. Тараптар 3,7 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюушу күтүлүүдө. Жалпысынан 40тан ашык документке кол коюу пландаштырылган.
Бул тууралуу Аkorda.kz жазды.
Белгилендей, Казакстандын мамлекет башчысы Күн чыгыш өлкөсү көп жылдар бою өзүнүн тартиптүүлүгү жана туруктуулугу менен казак элин шыктандырып келгенин билдирген.
“Биздин өлкөлөр өз ара урматтоого жана ар кандай тармактардагы жемиштүү кызматташууга негизделген көп жылдык достук мамилелерге ээ”,- деди Касым-Жомарт Токаев.
Ал эми император Нарухито казак лидеринин сапары Япония менен Казакстандын ортосундагы мамилелердин тарыхындагы маанилүү окуя болуп, аларды сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди.
Ал эми Казакстандын президентинин жардамчысы Руслан Желдибай билдиргендей, мамлекет башчысы Токиодо ири япон бизнесинин өкүлдөрү менен жеке жолугушуусу күтүлүүдө.
Жалпысынан 40тан ашык документке кол коюу пландаштырылууда. Келишимдер камтыган негизги тармактарга энергетика, кайра жаралуучу энергия булактары, санариптештирүү, тоо-кен казып алуу жана транспорт кирет.
Кошумчалай кетсек, 17-декабрда Япониянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Аяно Кунимицу Казакстандын президентин Токиодогу Ханеда эл аралык аэропортунан тосуп алган.




















