Ички иштер министрлигинин 3-башкармалыгынын кызматкерлери карыз өндүрүү менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турган жарандарды кармашты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, мурда бир нече жолу соттолгон адамдар карыз акчаларды өндүрүп беребиз дешип, ишенчээк жарандын көп суммадагы акча каражаттарын алып кетишкен.
Борбор калаанын тургуну алдоо жолу менен ири суммадагы акчаны ээлеп алган бир нече адамга чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Алынган маалыматка ылайык, ал жаран «карыз өндүрүүчүлөрбүз» дешкен криминалдык элементтерден жардам сурап кайрылууну чечип, айрым карыз адамдардан акчасын өндүрүп берүүнү суранган. Ал адамдар карызкорлор менен сүйлөшүү, аларга кысым көрсөтүү ыкмаларын айтышып, алдын ала жасалуучу жумушу үчүн 100 миң сомдон ашык акчасын алышкан. Бирок, андан кийин алар байланышпай издерин суутуп жок болуп кетишкен. Ошол эле учурда алар карызкорлордон акчаларды өндүрүп өздөрүнө ыйгарып алып кетишкен.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголгон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кылмыштын бетин ачууга багытталган ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө биргеликте иш алып барышкан.
Айрым жарандарыбыз өздөрүнүн көйгөйлөрүн чечүү үчүн криминалдык элементтерге кайрылышып, акылсыздык кылышат.
2024-жылдын 25-январында аталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде, Бишкек шаарынын аймагынан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмыш ишине катыштыгы бар жарандар кармалган. Алар, Чүй облусунун учурда Бишкек шаарында жашаган Чүй облусунун Жайыл районунун тургуну 1995-жылы туулган Б.М.. Ал буга чейин бир нече жолу каракчылык, тоноо, уурулук, алдамчылык, анын ичинде ар кандай кылмыштар үчүн соттолгон. Өздүк кароо жүргүзүү учурунда ага таандык сумкадан “ПМ 9 мм” үлгүсүндөгү тапанчага окшош ок атуучу курал табылып алынган.
Ал эми, экинчи кармалган жаран Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тургуну 1986-жылы туулган А.А.. Белгилүү болгондой, ал соттун өкүмү менен Ысык-Көл облусунда 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл астында жүргөн. Ал буга чейин уурулук, алимент төлөбөө, адам уурдоо сыяктуу ар кандай кылмыш иштери менен бир нече жолу сот жообуна тартылган.
Кармалган эки жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат.
Учурда жогорудагы адамдар Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардан алынган далил заттарга тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө иштери мыйзам талабына ылайык жүргүзүлүүдө.



















