— Кыргызда жакшы сөз бар: «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деген. Кошуналар менен ынтымакта, биримдикте жашашыбыз керек. Тилекке каршы Тажикстан бизге эки жолу баскынчылык кылды, жарандарыбызды атты, үйлөрүбүздү өрттөдү. Ошол окуяларда жүздөн ашуун жабыркаган адамдарды биздин ооруканада дарыладык, аралашып, андагы процесстерди жакшы билип калдык.
Айтайын дегеним, алар биздин алсыздыгыбыздан, жаңы эле бийлик алмашып турганынан пайдаланышып, илгертен келаткан пландарын ишке ашырышты деп ойлойм. Жакында Токон Мамытовдун маегин окуп, Тажикстан бир жыл мурда 210 миң гектар жерге доомат койгонун билип, ошондо гана эмнеге баскынчылык кылып жатышканы мага түшүнүктүү болду.
Албетте, бардык маселелер, өзгөчө чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек, мен аны толук колдойм. Бирок Камчыбек Ташиев баштаган топ дээрлик эки жылдан бери сүйлөшүп келатат. Жабык эшик артында, башка форматтарда дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ошондон улам Ташиевдин билдирүүсү жөн салды айтылган сөз эмес деп ойлойм. Ал талданып, такталып, анан коомчулук менен кеңешип ортого салчу сөз болду окшойт.
Тажикстан доомат коюп жатса, бизде да доомат бар, тарыхый документтер бар деп алып чыкканы туура болду деп эсептейм. Экинчиден, мурдагы Кыргызстан менен азыркы Кыргызстанды салыштырып болбойт. Коопсуздук маселеси, өзүбүздүн чек араларды бекемдөө, армияны күчөтүү боюнча кандай жылыштар болуп жатканына күбөбүз.
Камчыбек Ташиевдин сөзү тарыхый документтерге таянып айтылган жыйынтык болду. Ал өз убагында айтылды. Мен өзүмдүн жана жамаатымдын атынан анын билдирүүсүн толугу менен колдоого алам. Өзүбүздүн пикирибизди ачык айтып, бир миллиметр жерди дагы алдырбай, өлкө кызыкчылыгына ылайыкташтырып, бул маселени чечип алсак, чоң жеңишибиз болот.
Бирок ошол эле убакта чек ара маселеси бир түз сызык менен чечилбейт экен. Кээ бир жерден утабыз, кээ бир жерден утулабыз. Дүйнөлүк стандартта ошондой мыйзам ченемдүү жолдору бар экен. Ошондуктан бул жагын да эске алуу зарыл.
Сабырбек Жумабеков.
Медицина илимдеринин доктору, профессор.