Камчатка жана Курил аралдарында 8,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул 1952-жылдан берки эң кубаттуу зилзала болуп эсептелет.
Зилзала бүгүн, 30-июлда, жергиликтүү саат боюнча 11:30да башталган. Петропавловск-Камчатский шаарында силкинүү күчү 8 баллга жетип, жергиликтүүлөр эмеректердин, техника буюмдарынын кулаганын, имараттардан жарака кеткенин көрсөтүштү.
Елизово шаарындагы аэропортто алты каттам токтотулуп, имараттардын шыптары жана көргөзмө айнектери жарактан чыккан. Шаарда автоунаа тыгындары жаралды. Жер титирөөдөн кийин Авача булуңунун жээгинде цунами коркунучу жарыяланып, Елизов районунда цунаминин бийиктиги 4 метрге жеткен толкун каптады. Түндүк-Курильскиде алгачкы толкундар жетип келип, балык иштетүүчү заводду жайпаган. Шаарда сиреналар иштеп, эл эвакуацияланууда.
Цунами коркунучу Жапониянын жээгинде да, ошондой эле АКШнын Аляска, Гавайи, Калифорния жана Орегон штаттарында жарыяланды. Камчаткада 5,8 баллдык кайталама жер титирөө дагы катталды. Учурда жергиликтүү бийлик жана өзгөчө кырдаалдар кызматтары калктын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүдө.

















