6-июнга караган түнү Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин жогорку бөлүгү талкаланып, дамба жарым-жартылай жабыркап, Жаңы Каховка шаарын суу каптап кетти. Москва дамбанын талкаланышын Киевдин диверсиясы десе, Украина Россияны айыптоодо.
Каховка ГЭСи — Днепрдеги гидроэлектр станцияларынын каскадындагы алтынчы тепкич. Ал Херсондогу Жаңы Каховка шаарынан беш чакырым аралыкта жайгашкан. Россиялык аскерлер атайын операция башталганда эле станцияны көзөмөлгө алышкан. Ошондон бери Украинанын Куралдуу күчтөрү ГЭСти жана Жаңы Каховканы дээрлик тынымсыз аткылап келишет. Буга чейин Россия октябрда БУУнун Коопсуздук кеңешине украин аскерлери атайын сокку уруп жаткан ГЭСтин плотинасын бузууга жол бербөөгө чакырып, кат менен кайрылган.
New York Times гезити Кахов ГЭСинин спутниктен тартылган сүрөтүн жарыялады
Суунун деңгээли көтөрүлүп, эл көчүрүлүп жатат
Жаңы Каховкадагы суу каптаган коркунучтуу райондордо жашаган эл эвакуциялана баштаганын Херсон облусунун Новокаховка районунун администрация башчысы Владимир Леонтьев билдирди. Ал суунун деңгээли он метрге көтөрүлгөнүн, дамбаларды жууп жатканын билдирип, максималдуу суу 12 метрге чейин жетиши мүмкүн экенин кошумчалады.
«Электр тогуна урунуп калуу мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн Днепрди бойлоп ылдый көздөй жайгашкан калктуу конуштарда электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Эл коопсуз жайларга көчүп жатат. Эч кандай дүрбөлөң жок», — деди Леонтьев.
Ал Днепрдин жээгинде жайгашкан 300дөй үйдүн тургундары көчүрүлүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, ГЭСти оңдоп-түзөөгө болбойт, аны кайра куруу керек.
РИА Новости маалымдагандай, суу Жаңы Каховкадагы «Энергия» стадионунун аймагын жана Днепр проспектисин каптаган. Турак жай секторун суу каптай элек, бирок суу үйлөргө кирип жатат.
Херсон облусунун өкмөтүнүн башчысы Андрей Алексеенко билдиргендей, суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам Каховка ГЭСинен төмөн жайгашкан 14 калктуу конуштун 22 миң тургуну жабыр тартышы мүмкүн.
Ал эми Херсондун Киевдин карамагындагы бөлүгүндө суу сегиз конушту каптаган.
Россия менен Украина бири-бирин айыптоодо
Россиянын бийлиги станциянын кыйрашына Украинаны айыптоодо. Херсон облусунун башчысы Владимир Сальдо Киев түнү станцияга ракеталык чабуул жасаганын билдирди.
Анын айтымында, Киев мындай жол менен Херсон облусунун азык-түлүк коопсуздугуна сокку уруу жана өзүнүн аскердик ийгиликсиздиктеринен көңүлдү алагды кылууну чечкен.
Ушундай эле билдирүү Кремлде да айтылды.
«Москва Кахов ГЭСин жардыруу боюнча айыптоолорду “чечкиндүү түрдө четке кагат”, — деди орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Ал Кахов ГЭСинин жардырылышы Украина тараптын атайылап жасалган диверсиясы деп атады.
«Москва Кахов ГЭСиндеги ракеталык чабуулга Россиянын тиешеси бар деген алардын дооматтарын чечкиндүү түрдө четке кагат. Диверсия Киев бийлигинин буйругу менен жасалган», — деп белгиледи Песков.
Песковдун айтымында, ГЭСти бузуу менен Киев режими Крымды суудан ажыратууга аракет кылган.
Ал эми Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу ГЭСти жардырууну террордук акт деп атады.
«Кахов ГЭСинин плотинасынын талкаланышы — бул теракт. Анын максаты фронттун бул тилкесинде Россиянын чабуул койгон аракеттерин болтурбоо болгон», — деди Шойгу.
Ал бул бир топ аймакты суу басып калышына алып келерин жана анын кесепети оор болуп, экологиялык жактан узакка созулган зыянга учуратарын белгиледи.
Херсон облусунун администрациясы плотина украин күчтөрүнүн түнкү соккусунан улам талкаланганын билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Кахов ГЭСинин дамбасынын бузулушуна орус тарапты күнөөлөдү. Ал Киев ГЭСтин плотинасын физикалык жактан сырттан жардыра албасын билдирдин.
«Бир жылдан ашык убакыттан бери Россия дамбаны да, Кахов ГЭСинин бардыгын көзөмөлдөп турат. Аны сырттан – аткылоо менен жардыруу физикалык жактан реалдуу эмес», — деди украин президенти.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги бул жагдай боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешин чакырууну пландап жатканын билдирди.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги бул жагдай боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешин чакырууну пландап жатканын билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги кырдаалга тыкыр көз салып жатканын билдирди.
1956-жылы курулган дамбанын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,3 чакырымды түзгөн. Ал Крым жарым аралын суу менен толук камсыздайт.