УКМК өлкөбүздөгү кылмыштуу топторго каршы күрөштү улантууда. Атай айтсак, Кытайдан экспорттолгон жүктөрдү жана эл керектөөчү товарларды ишкерлерден мыйзамсыз тартып алуу менен алектенип келген, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү коопсуздук органы тарабынан кармалды.
Ага чейин Көлбаевдин каракчылары 385 миң АКШ долларын тартып алганын айтып “М.Г.” атту жаран арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, УКМК тарабынан “өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошондой эле иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү, анын ичинде Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар аныкталып, кармалган.
Тергөөнүн жыйынтыгында кармалган айрым адамдар тарабынан келтирилген зыян транспорттук-логистикалык ишканага жана эл керектөөчү товарлардын ээлерине толугу менен кайтарылып берилди.




















