Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрүнүн финалында Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары күч сынашты. Кыргыз көк бөрүчүлөрү атаандашын 10:4 эсебинде утуп алды.
Биринчи тайм Кыргызстандын пайдасына 4:1 эсебинде аяктаса, экинчи тайм 8:3 эсебинде бүттү.
Ал эми чечүүчү таймда кыргызстандыктар 10:4 эсеби менен жеңишти камсыздашты.
Буга чейин кыргыз улакчылары көкпар боюнча финалда Казакстан командасына 4:5 эсебинде утулуп калган.




















