V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бүгүн, 12-сентябрда жер улак (көк пар) боюнча финалдык оюндар өттү. Финалдык беттеште Кыргызстандын курамасы Казакстандын курамасына 5:4 эсебинде утулуп калды.
Беттештин негизги бөлүгүндө командалар 4:4 эсеби менен тең чыгып, 10 мүнөттүк кошумча убакытта казак курамасынын оюнчулары биринчи улак салып, жеңишке жетти.
Беттеш учурунда курамалар ортосунда чыр чыгып, оюн 15 мүнөттөй токтотулду. Ага биринчи тайм аяктап калганда Казакстан курамасынын оюнчусу Кыргызстандын оюнчусун камчы менен чаап жибергени себеп болду.
Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев жер улак таймашында казак командасы тарабынан эрежелерди бузуу болгонун билдирип, калыстардын буга көңүл бурбай койгонуна нааразычылыгын билдирди.
Ал эми коло байге үчүн Орусия менен Түркия командалары күч сынашат.




















