Израилди сындап келген өзбек ырчысынын концерти 9-майда АКШда өтмөк. Айрым саясатчылардын жана сионисттик коомчулуктун басымынан кийин театр концертти өткөрүүдөн баш тартты. Бирок Усманова өз көз карашын өзгөртпөй турганын жана кечирим сурабай турганын билдирди.
Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманованын Нью-Йоркто 9-майга белгиленген концерти жокко чыгарылды. Бул тууралуу 4-майда концерт өтмөк болгон Oceana театры кабарлады.
Концерт жергиликтүү саясатчылар колдогон нааразылык кампаниясынан кийин токтотулду. Усманова Палестинаны колдоп, Израилдин аракеттерин катуу сындаганы үчүн антисемитизмге айыпталууда.
4-майда Нассау округунун төрагасы (Нью-Йорк штатынын губернаторлугуна талапкер) Брюс Блейкман, жергиликтүү депутаттар Майкл Новахов жана Алек Брук-Красни, ошондой эле “Бириккен сионисттер” уюмунун активисттери катышкан пресс-конференция өттү. Алар 9-май — фашисттик Германияны жеңген күндө — концерт өткөрүүгө каршы чыгышкан.
Блейкман АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиого расмий кат жөнөтүп, Усманованын визасын жокко чыгарууну талап кылды.
Ырчы 5-майда Instagram баракчасында концерттин бардык билеттери сатылып бүткөнүн айтып, күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Концерттин жокко чыгарылышына комментарий берип жатып, ал өзүнүн принципиалдуулугун баса белгиледи:
«Иудейлер чогулду, саясатчылар аралашты — бул бизге плюс жана урмат. Каршылык кыла беришсин… Бирок, эгер силер, сионист иудейлер, мен кечирим сурайт деп ойлосоңор — катуу жаңылышасыңар. Мен өз баалуулуктарыма бекем ишенем. Биринчиден, мен зомбулукка каршымын. Экинчиден — Палестина эркин болушу керек, бул алардын жери».
Усманова АКШ Израиль эмес жана сионисттерге таандык эмес экенин, адамдар үчүн ырдоону уланта берерин айтты. «Адилеттүүлүк, иншааллах, сөзсүз жеңет», — деди ал.
Юлдуз Усманова Израилдин Палестинага карата аракеттерин активдүү сындап келет. 2023-жылдын октябрь айында ал израилдик товарларга бойкот жарыялаган.

















