Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Эттин кымбатташы: Борбор Азия өлкөлөрүндөгү абал кандай?

  • Борбор Азия, Экономика
  • 17.04.2025 17:06

Loading

Тема боюнча

Дүйнө өлкөлөрүндө эттин баасы канча?

Дүйнө өлкөлөрүндө эттин баасы канча?

29.10.2026

Акыркы айларда эттин кымбатташы Өзбекстанда эле эмес, кошуна республикаларда да байкалууда. Казакстандын айыл чарба министри баанын өсүшүн Тажикстан менен Өзбекстандан болгон суроо-талаптын өсүшү менен түшүндүргөн. Бирок Казакстандык эт ассоциациясынын жетекчиси муну четке какты: анын пикиринде, учурдагы баа — 2019-жылдагы мал экспортуна тыюу салуунун натыйжасы.

Февралдын аягында  өзбек ММКларында өлкөдө эттин кескин кымбаттаганы тууралуу макала жарыяланган. Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, март айында кой эти 9,1%га, ал эми уй эти 8,8%га кымбаттаган.

Бул тенденция кошуна өлкөлөрдө да байкалууда.

Казакстан

Казакстанда уй этине болгон баанын өзгөрүшү негизги темалардын бири болуп калды. Жыл башынан бери республикада баа 5,6%га өскөн.

Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров бул өсүштү кошуна Тажикстан жана Өзбекстандан болгон суроо-талап менен түшүндүрдү.

Бирок Казакстандык эт ассоциациясынын директору Максут Бактыбаев муну четке какты. Анын айтымында, негизги себеп — ички базарда сунуштун азайышы.

«Өзбекстанга жана Тажикстанга эт же мал экспортунун таасири далилденген жок. Негизги себеп — малдын санынын азайышы», — деди Бактыбаев.

Анын айтымында, абал 2019-жылы мал экспортуна тыюу салынгандан кийин начарлаган. Ошондон бери уй этинин баасы дээрлик эки эсе өскөн.

«Өзбекстанга экспорт кылгандар базардан чыгып кетти. Калгандары — шаарларга эт жеткирген ишканалар. Малдын башы 8 миллион болчу, ал эми ички базар чакан. Демпинг башталды. Этти 1500–1600 теңгеден сатып алышчу — бул базар баасынан 20% төмөн. Абал 4–5 жыл уланды. Малдын чыгашасынын көптүгүнөн улам 2 миллион баш кой союлду. Азыр мал аз, эт жетпей жатат. Кардарлар фермерлерге  кайрылышат. Дүң баа — 3000 теңге, чекене — 4000 теңгеге жетти. Беларустан 2800 теңгеге эт ташып келе башташты», — деди ал.

Бактыбаевдин сунуштары:

  • бир тараптуу чектөөлөрдү мыйзам менен тыюу;

  • фермерлерге компенсация механизмин киргизүү;

  • Өзбекстанга экспортко чектөөлөрдү алып салуу.

Экспортко чектөөлөр фермерлердин кирешесинин азайышына жана мал чарбачылыгына инвестициянын кыскарышына алып келди. Натыйжада малдын саны азайган.

Азыр Казакстандын ири шаарларында эт орто эсеп менен 3500–4000 теңгеден (88–100 миң сум) сатылууда.

Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан

Кыргызстанда да эттин баасы жогору бойдон калууда. 2023-жылдын октябрь айында Өзбекстанга экспорт көп болуп кеткендиктен, этке болгон баанын өсүшүнө байланыштуу убактылуу тыюу салынган. Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Бишкекте 1 кг эт 677 сом , Баткенде — 650 сом.

Түркмөнстанда так маалымат жок. “Хроника Туркменистана” басылмасынын март айындагы маалыматына караганда, 1 кг эт 70–75 манатка чейин кымбаттаган.

Тажикстанда да баалар өсүп жатат. Март айынын башында Дүйшөмбү шаарында импорттолгон уй эти 75 сомониден , жергиликтүү мрамор тукумундагы уй эти 90 сомониден, кой эти 145 сомониден  сатылууда. Asia-Plus маалымдагандай, баалардын өсүшү импорттук азыктардын жеткиликтүүлүгүн азайткан. Мисалы, Казакстандагы баалар көтөрүлгөн соң, Беларус этине болгон суроо-талап арткан.

Дүйнөлүк баалардын өсүшү

Мындан тышкары, этке болгон баанын өсүшү дүйнөлүк рынокто да байкалууда. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (FAO) март айындагы уй эти боюнча баа индекси 132 пункттан ашып, акыркы 33 айдагы эң жогорку деңгээлге жеткен.

Numbeo маалыматы боюнча, постсоветтик өлкөлөрдө 1 кг уй этинин орточо баасы:

  • Армения – 11,84 доллар;

  • Азербайжан – 9,88 доллар;

  • Россия – 9,59 доллар;

  • Грузия – 9,45 доллар;

  • Молдова – 8,47 доллар;

  • Өзбекстан – 8,17 доллар;

  • Кыргызстан – 7,69 доллар;

  • Тажикстан – 7,56 доллар;

  • Казакстан – 7,17 доллар;

  • Беларусь – 6,95 доллар;

  • Украина – 6,62 доллар.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: баакымбатчылыкэт
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

“Арашан” тукумундагы койлор брендге айланууда

“Арашан” тукумундагы койлор брендге айланууда

16.11.2026
Дүйнө өлкөлөрүндө эттин баасы канча?

Дүйнө өлкөлөрүндө эттин баасы канча?

29.10.2026
Трамптын мунай рыногун турукташтыруу аракеттерине карабастан, Brent мунайынын баасы 110 доллардан ашты

Трамптын мунай рыногун турукташтыруу аракеттерине карабастан, Brent мунайынын баасы 110 доллардан ашты

17.10.2026
А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

02.10.2026
Эми эт белгиленген баада гана сатылат: Бирдиктүү баалар жарыяланды

Эми эт белгиленген баада гана сатылат: Бирдиктүү баалар жарыяланды

17.09.2026
Өзбекстанда мал чарбасын жана канаттууларды өстүрүү боюнча чаралар сунушталды

Өзбекстанда мал чарбасын жана канаттууларды өстүрүү боюнча чаралар сунушталды

06.08.2026
Түркмөнстандын эти Өзбекстанга ташылууда

Түркмөнстандын эти Өзбекстанга ташылууда

16.07.2026
Тажикстан жарым жыл ичинде 13,8 миң тонна этти дээрлик 53,4 млн долларга импорттоду

Тажикстан жарым жыл ичинде 13,8 миң тонна этти дээрлик 53,4 млн долларга импорттоду

16.07.2026
Эң кымбат бензин кайсы өлкөдө?

Эң кымбат бензин кайсы өлкөдө?

15.07.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.