Иранда 5-июлга белгиленген президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын алдындагы жымжырттык күнү бүгүн эртең менен башталды. Эки талапкер – консерватор Саид Жалили менен реформатор Масуд Пезешкян – өздөрүнүн шайлоо өнөктүгүн жыйынтыктап, үгүт иштерин токтотушту.
28-июнда Ислам республикасында президенттик шайлоонун биринчи туру өттү. Анда төрт талапкер ат салышып, алардын бири дагы шайлоочулардын 50%дан ашык добушун ала алган жок.
5-июлда өтө турган экинчи турга мурдагы саламаттыкты сактоо министри Пезешкян (биринчи турда добуштардын 42,5%ын) жана Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили (биринчи турда добуштардын 38,6%ын) өттү.

Шайлоого катышуу 40%ды түздү. Ирандын Жогорку Лидери Али Хаменеи президенттик шайлоонун биринчи айлампасына катышуу үмүттөрдү актаган жок деп билдирди.
Ал президенттик шайлоонун биринчи айлампасында ирандыктардын добуш берүүгө катышуу деңгээли күтүлгөндөн төмөн болгонун айтып, ирандыктарды шайлоонун экинчи туруна активдүү катышууга чакырды.
Ирандагы Shenaakht аналитикалык борбору экинчи айлампанын алдында жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, респонденттердин 52%ы Пезешкянга, 48%ы Жалилиге добуш берүүгө даяр. Өлкөдөгү шайлоонун жыйынтыгы 6-июлда белгилүү болору күтүлүүдө.
1-2-июлда президенттик жарыштын катышуучулары шайлоо алдындагы дебаттарда жолугушту. Алар мамлекетти өнүктүрүүнүн кеңири чөйрөсүнө арналды.
Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү президент Ибрахим Раиси авиакырсыкта каза болгондон кийин жарыяланган. Раиси жана тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан баш болгон сегиз кишини ташыган тик учак 19-май күнү кечинде Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясында кулап түшкөн. Кырсыкта аман калгандар болгон эмес.



















