Кыргызстан уюштуруп, өткөрүп жаткан “Манас Кубогу” деп аталган U-23 курама командалардын турниринин алкагында, эртең, 15-ноябрда, ирандык футболчулар Кыргызстандын “Ак шумкарлары” менен беттешет.
Оюн Манас шаарынын борбордук стадионунда саат 19:00дө өтөт.
Буга чейин аталган эки команда бирден оюн өткөрүшкөн. Анда Иран-Орусия менен беттешип, жеңилүү ызасын тартса, Кыргызстан-Бахрейн менен ойноп, жеңишке жеткен.
12-ноябрда башталган бул турнир 18инде аяктайт.
Турнирдин максаты жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн практикасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоого шарт түзүү болуп саналат. Андан сырткары, бул эл аралык мелдеш алкагында биздин курама командабыз 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына даярдык көрөт.
Эртеңки оюнга улай 15 жашка чейинкилердин арасында да беттеш өтөт. Анда Кыргызстан менен Орусиянын жаш футболчулары беттешет.



















