Израил Иранга кол салуу менен аймактагы тынчтыктын эң чоң душманы экенин көрсөттү.
Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирди. Бул тууралуу TRT Haber маалымдады.
«Израилдин Газа тилкесинде, Ливанда, Йемендеги, Сириядагы жана акыркы жолу Ирандагы чабуулдары — бул бандитизм. [Биньямин] Нетаньяхунун администрациясы Иранга кол салуу менен аймактагы тынчтыктын эң чоң душманы экенин далилдеди», — деди Эрдоган.
«Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жанданып жаткан учурга туш келген бул чабуулдардын жасалганы өзгөчө көңүл бурууга арзыйт», — деп кошумчалады Түркиянын президенти.

















