Аты-жөнү документтерде жашырылган кыз 2012-жылы Эпштейнге жолугууга даяр экенин жазган, бирок Өзбекстанда АКШ визасын алуу кыйын болуп жатканын билдирген.
Өзбекстандан чыккан, «моделдер үчүн» америкалык виза алууга аракет кылган кыздын каттары Джеффри Эпштейндин иши боюнча материалдарда орун алган. Бул тууралуу АКШнын Юстиция министрлиги жарыялаган документтерди изилдеген РИА Новости агенттиги кабарлады.
2012-жылдын 8-мартындагы катында аты-жөнү жашырылган кыз Өзбекстанда АКШ визасын алууда олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билдирген.
«Биздин жолугушууга келсек, кымбаттуу Джеффри, мен муну ар дайым каалайм. Бирок мен сага өлкөм канчалаган көйгөйлөрдү жаратып жатканын айтканмын», — деп жазылган катта.
Кыздын айтымында, эгер кандайдыр бир жол менен АКШнын «моделдер үчүн» визасын — АКШдагы мода көрсөтүүлөрүнө катышкан чет элдик моделдерге арналган H-1B3 визасын — ала алса, анда «акыры Нью-Йоркко барганга кубанычта болот».
Кийинки каттарында кыз Малайзияга виза алганын билдирип, Эпштейнден жашоо чыгымдарын, стоматологиялык кызматтарды жана Парижге болгон сапардын чыгымдарын төлөөгө жардам берүүнү суранган.
АКШнын Юстиция министрлигинин материалдарында ошондой эле 2014-жылы бул өзбекстандык кыз Нью-Йорк киноакадемиясынын Париждеги филиалында окуганы жана Париж — Санкт-Петербург — Ташкент багыты боюнча авиабилет төлөмдөрү тууралуу документтер бар экени көрсөтүлгөн.
АКШнын башкы прокурорунун орун басары Тодд Бланш 30-январда Эпштейндин иши боюнча материалдарды жарыялоо аяктаганын билдирген. Жалпы жарыяланган маалыматтардын көлөмү 3,5 миллион файлдан ашкан. 2019-жылы Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатациялоо максатында сатуу боюнча айып тагылган. Ошол эле жылдын июль айында ал түрмөдө каза болуп, тергөө анын өз жанын кыйган деген жыйынтыкка келген.



















