Бүгүн, 21-ноябрь Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Россияга расмий сапар менен барды.
Сапардын алкагында ал орус лидери Владимир Путин менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү пландалууда.
Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда лидерлер эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн маселелерин, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибин талкуулашат. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлуп, андан кийин мамлекет башчылары жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасашат.
Буга чейин тажик лидеринин басма сөз кызматы Рахмонду Москвага Тышкы иштер министри, Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин, Энергетика министрлигинин, Экономикалык өнүгүү министрлигинин, Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин жетекчилери, транспорт министрлиги, эмгек министрлиги, элге билим беруу министрлиги, айыл чарба министрлиги, ошондой эле республиканын Улуттук илимдер академиясынын башчысы жана башка жогорку кызматкерлер коштоп барганын маалымдаган.
Ошондой эле иш сапардын алкагында лидерлердин тар жана кеңейтилген курамдагы жолугушуулары пландалып жатканы айтылды.
Андан соң 23-ноябрда Рахмон Москвадан Минскке учуп барып, ал жерде ЖККУнун саммитине катышары күтүлүүдө. Рахмон менен Путиндин акыркы жолугушуусу октябрда Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында өткөн.
Тажикстан менен Россия стратегиялык өнөктөштөр. Россиянын эң ири аскер базасы Тажикстандын аймагында жайгашкан.



















