АКШнын аскердик кемелерин Кариб деңизинде жайгаштыруусуна жооп кылып, Мексиканын президенти анын өкмөтү «элдин өз тагдырын өзү аныктоо укугун» колдой турганын жана ар кандай «интервенцияны» четке какканын билдирди.
Бул окуя боюнча Клаудия Шейнбаум маалымат жыйынында мындай деди:
«Алар Панама менен Түштүк Американын ортосунда, Кариб деңизинин түштүк бөлүгүндө бир катар кемелерди эл аралык сууларга жайгаштырышты. Бул учурда биз ар дайым элдин өз тагдырын өзү аныктоо укугун колдойбуз, бул укук Мексикада гана эмес, Латын Америкасы жана Кариб деңизиндеги бардык өлкөлөргө тиешелүү».
Трамптын «Мексика менен Канада Вашингтон каалаган нерсени жасайт» деген сөздөрүнө байланыштуу Шейнбаум мындай деп жооп берди:
«Президент Трамп өзүнчө стилде сүйлөйт, бирок Мексикада эл гана бийлик жүргүзөт».
АКШ Коргоо министрлигинин эки өкүлү CNN телеканалына билдиргендей, АКШ Латын Америкасы жана Кариб деңизи аймактарына 4000ден ашуун деңиз жана аскер кызматкерлерин жөнөтүүдө. Бул кадам зор күчтү көрсөтүү болуп саналат жана президент Дональд Трампка картелдерге каршы чараларды көрүү үчүн кеңири аскердик мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бир жетекчи бул күчөтүлгөн аскердик катышуу биринчи кезекте күч көрсөтүү экенин жана картелдерге каршы багытталган чабуулдар боюнча ниет тууралуу сигнал жиберүүнү көздөрүн айтты. Башка булак болсо, бул кадам «региондогу бандитизмге байланышкан террордук уюмдардан АКШнын улуттук коопсуздугуна болгон коркунучтарга каршы күрөшүүгө багытталган»,- деди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио АКШнын Аскер-деңиз флоту Кариб деңизине баңги картелдерине каршы күрөшүү үчүн жөнөтүлүп жатканын, анткени алар АКШнын улуттук коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурарын билдирди.
Жакында The New York Times гезити Трамптын Пентагонго Латын Америкасындагы баңги картелдерине каршы чет өлкөлөрдө аскердик операцияларды жүргүзүү боюнча жашыруун көрсөтмөсү тууралуу жазды. Трамп кызматка келгенден бери аймактагы бир катар картелдерди «террористтик» деп жарыялады. Бул чечим баңгизат жүгүртүүгө каршы «согушту» формалдуу түрдө баштоо менен, анын механизмдери, мамлекеттердин эгемендүүлүгүнө тийгизген таасири жана континентти кайрадан аскерлештирүү коркунучтары боюнча суроолорду жаратты.
Трамптын картелдерге каршы аскердик сокку урууга болгон буйругу Латын Америкасында терс реакция жаратып, Вашингтондун эгемендүүлүккө каршы багытталган байыркы интервенциялык доктринасынын – «Монро доктринасынын» кайра жаралышына байланыштуу тынчсызданууларды пайда кылды. XIX кылымдын башынан бери АКШ Латын Америкасын өзүнүн «арткы короосу» катары эсептеп келген.
Мексика — Вашингтондун бул планын кескин түрдө четке каккан өлкөлөрдүн бири. Бул АКШ менен болгон саясий чыңалууну күчөтүп, эгер башка өкмөттөр Ак үйдүн саясатын колдосо, кырдаал мындан ары да курчушу мүмкүн. Америкалык кесиптешинин картелдерге каршы чабуул жасоо буйругуна чечкиндүү жооп берип, Шейнбаум мындай деди:
«Мексиканын аймагына басып кирүү болбойт, жана бул толугу менен четке кагылат».
Колумбиянын президенти Густаво Петро да АКШнын мамилесине тынчсыздануусун билдирип, «интервенциялык» деп эсептелиши мүмкүн болгон механизмдерди таңуулоонун ордуна диалогго чакырды. Ал: «Мен баңги сатуучуларга каршы Ак үйдүн саясатын колдойм, бирок мамлекеттердин көз карандысыздыгы сакталууга тийиш»,- деди.
Чынында эле, Трамптын жашыруун көрсөтмөсүнүн логикасы жаңы эмес. «Баңгитерроризмге каршы транс улуттук күрөш» аргументи тарыхый жактан колдонулуп келген. Бул ыкма картелдерди террористтик уюмдарга теңеп, АКШга аймакта өз максаттарына жетүүгө шарт түзөт. Картелдерди террористтерге теңөө АКШга бул саясатты 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин Вашингтондун дүйнөгө таңуулап келе жаткан «терроризмге каршы согуш» баяндамасына кошууга мүмкүнчүлүк берет.
Эгер Трамптын жашыруун буйругу колдоо тапса, анда Латын Америкасындагы мамлекеттерге каршы баңгизат жүгүртүүгө жана картелдерге каршы күрөшүү деген шылтоо менен ар кандай аскердик, жарым-жартылай аскердик же чалгындык аракеттерди жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Бул болсо региондогу мамлекеттердин тынчсыздануусун жана даярдыгын эске алганда, эгемендүүлүктү ачык бузуу болуп саналат.
Азыр болсо АКШнын аскердик-дениз күчтөрү Кариб деңизине жайгаштырылганы менен, Пентагон Мексика, Венесуэла жана Колумбия сыяктуу борбордук жана Латын Америкасынын мамлекеттерине күч көрсөтүү менен гана чектелбестен, Трамптын картелдерге каршы чабуул жасоо буйругун аткарууга даяр экенин да көрсөтүүдө. Бул, сөзсүз түрдө, аталган мамлекеттердин эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө каршы келет.
Демек, бул жаңы АКШ мамилесине жалпы регион өлкөлөрү кандай жооп кайтарары өтө маанилүү. Латын Америкасы АКШнын кийлигишүүлөрүнүн узак тарыхына ээ — төңкөрүштөрдөн тартып аскердик интервенцияларга чейин (Гренада жана Панамага басып кирүү) жана экономикалык санкцияларга чейин (Куба жана Венесуэлага каршы кеңири санкциялар). Бул караңгы тарыхты жана Трамптын саясаты дүйнөнү туруксуздукка түртүп жаткан учурдагы кырдаалды эске алганда, Вашингтондун Латын Америкасындагы аракеттери мындан ары да көбүрөөк алдын ала айтууга мүмкүн эмес жана ал тургай катуу болуп калышы ыктымал. Бул болсо АКШ өзүнүн «арткы короосунда» гегемониясын таңуулоого аракет кылып жаткан шартта, латынамерикалык мамлекеттердин сергек жана координацияланган жоопторунун зарылдыгын эки эсе күчөтөт.















