Йемендин «Ансарулла» кыймылынын лидери Саид Абдул-Малик аль-Хуси өлкөсү Ирандын тарабында бекем турарын билдирип, Иранга, Ливанга жана Йеменге каршы агрессия АКШ менен Израилдин биргелешкен планынын бир бөлүгү экенин айтты.
«Ансарулла» кыймылынын лидери өлкөнүн ар кайсы шаарларындагы көп сандаган йемендиктерге телекөрсөтүү аркылуу кайрылып, аларды ыйык пайгамбар Мухаммеддин туулган күнү менен куттуктады.
Ал мусулман өлкөлөрүн израилдикк режимдин жана АКШнын агрессиясынын алдында биримдикти бекемдөөгө чакырды.
Аль-Хуси Палестина жерлериндеги израилдик режимдин зомбулуктарын жана кылмыштарын токтотуу үчүн ислам мамлекеттери чечкиндүү аракеттерди көрүшү керектигин билдирди.
Андан соң ал Сауд Аравиясын Йеменге каршы блокада киргизгени үчүн сынга алып, өлкөсү Сауд Аравиясына карата «блокадага жооп катары блокада» принцибин карманууга мурдагыдай эле чечкиндүү экенин баса белгиледи.
Йемендин лидери Иранга, Йеменге жана Ливанга каршы агрессия, ошондой эле Израилдин Сирияга каршы аракеттери АКШ менен израилдик режим тарабынан иштелип чыккан кеңири масштабдагы пландардын бир бөлүгү экенин айтты.
«Биз иран элине жана анын исламдык түзүлүшүнө болгон колдообузду ырастайбыз. Ар түрдүү фронттордун ортосундагы биримдикти бекемдөөгө жана Каршылык көрсөтүү огунун алкагындагы кызматташтыкты күчөтүүгө аракетибизди улантабыз», — деди ал.
Ошондой эле «Ансарулла» кыймылынын лидери Ливандагы, Палестинадагы жана Каршылык көрсөтүү огунун бардык башка фронтторундагы исламдык каршылык кыймылдарын колдоорун белгиледи.
Ал бүткүл ислам дүйнөсүн «Жихад жана Каршылык көрсөтүү огуна» кошулууга чакырды.

















