Eurasiatoday
Бейшемби, 26-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Йемендеги кырдаал Кыргызстандагы бензиндин баасына кандай таасир этет?

  • Эксперттин пикири
  • 21.09.2026 10:12

Loading

Ормуз кысыгындагы кризиске Баб-эль-Мандеб кысыгындагы окуялардын кошулушу жана Россиядагы мунай иштетүүчү заводдорго жасалган чабуулдар глобалдык энергетикалык тобокелдиктерди күчөттү. Күйүүчү-майлоочу материалдарды негизинен сырттан ташыган жана Россиянын ишканаларына көз каранды болгон Кыргызстанда дүйнөлүк баалардын ар бир секириги Бишкектеги май куюучу жайларга түздөн-түз таасирин тийгизет.

Мындай пикирин публицист жана эксперт Курманбек Мамбетов “Евразия Тудей” агенттигине билдирди.

“Энергетика рыногундагы биринчи чоң сокку – Ормуз кысыгынын жабылышы. Перс булуңун Араб деңизине чыгарган бул тар жол дүйнөдөгү эң маанилүү энергетикалык өткөөлдөрдүн бири. Согуш башталганга чейин дүйнөлүк мунайдын болжол менен бештен бири ушул багыт аркылуу ташылып келген. Мындан тышкары, суюлтулган жаратылыш газынын ири көлөмү да ушул маршрутка көз каранды.
Кысыктын иш жүзүндө жабылышы дүйнөлүк рыноктогу сунушту кескин кыскартты. Мунун жөнөкөй экономикалык түшүндүрмөсү бар: рынокто товар азайса, анын баасы өсөт”, – деди Курманбек Мамбетов.

Тема боюнча

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026

Эксперттин айтымында, мунай рыногунда психологиялык фактор да чоң роль ойноп, соодагерлер бүгүнкү тартыштыкты гана эмес, эртең эмне болорун да эсептешет. Жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген коркунучтун өзү мунайдын котировкаларын жогорулатат. Ал эми айрым альтернативдүү маршруттар кырдаалды убактылуу жеңилдетиши мүмкүн эле. Мисалы, Сауд Арабиясы мунайын Ормузду айланып өтүүчү Чыгыш-Батыш мунай кууру аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгарууга көбүрөөк таянды. 10-сентябрда аталган түтүк өткөргүч да дрон чабуулуна кабылып, убактылуу токтотулган. Ошентип, мунай рыногундагы көйгөй бир гана кысык менен чектелбей калды.

“Кыргызстан үчүн мындан да түз таасир бере турган экинчи фактор – Россиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасалган дрон чабуулдары. Россия дүйнөдөгү ири мунай өндүрүүчүлөрдүн бири болгону менен, Кыргызстан үчүн анын чийки мунайы эмес, кайра иштетилип чыккан бензин жана дизель отуну өзгөчө маанилүү. Дрондордун соккуларынан айрым заводдордун иши үзгүлтүккө учурап, өндүрүш көлөмү кыскарды. Натыйжада Россиянын өзүндө бензин жана дизель рыногунда тартыштык күчөдү. Москва ички
рынокту камсыз кылуу үчүн күйүүчү май импорттоого чейин барды.

Айрым маалыматтар боюнча, июль айынын соңунан тартып деңиз аркылуу Россияга 1 млн баррелден ашык бензин импорттолгон.

Бул жерде Кыргызстан үчүн маанилүү жагдай бар. Россиядагы күйүүчү майдын ички баасы жана өндүрүш көлөмү кыргыз рыногуна түз таасир берет. Кыргызстан Россиядан жылына болжол менен 1,5 млн тонна бензин алат, анын 1,2 млн тоннасы мамлекеттер аралык келишимдин негизинде акцизсиз шартта келет.
Жеңилдетилген режим дүйнөлүк жана россиялык рыноктогу баанын өсүшүн толугу менен жок кыла албайт. Россиянын өзүндө баа жогоруласа, экспорттук мүмкүнчүлүктөргө да басым күчөйт. Демек, өлкөнүн Нефть өндүрүүчү заводдордогу көйгөй Кыргызстанга дүйнөлүк мунай баасынан да тезирээк жетиши мүмкүн”, – деп кошумчалады эксперт.

К. Мамбетовдун айтымында, эми хуситтер дагы кошулду.

“Дал ушундай шартта Йеменде хуситтердин акыркы күндөрдөгү чабуулу энергетика рыногу үчүн жаңы коркунуч жаратты. Хуситтер Йемендин Кызыл деңиздеги жээги боюнча түштүккө карай тез илгерилеп, стратегиялык аймактарды басып алышты. Reuters агенттиги алардын Моха шаарын жана Ханиш аралдарын ээлегенин, андан кийин Баб-эль-Мандеб кысыгындагы Перим аралына жеткенин жазды”, – деди ал.

Йемендин эл аралык деңгээлде таанылган өкмөтүнө караштуу күчтөр айрым позициялардан чегингенин билдиришкен. Ошол эле учурда алар жоготулган аймактарды кайра кайтарууга даярданып жатканын айтышты. Ошондуктан азыр “хуситтер Йеменде толук жеңишке жетти” деп айтууга болбойт. Анткен менен алардын чабуулунун стратегиялык мааниси өтө чоң.

“Перим аралы Баб-эль-Мандебдин так ортосунда жайгашкан, ал Кызыл деңизге кирип-чыгуучу кемелердин кыймылын көзөмөлдөө жагынан маанилүү пункт болуп саналат. Эгер хуситтер Баб-эль-Мандебди толук көзөмөлдөөгө же кемелер үчүн туруктуу коркунуч жаратууга жетишсе, Ормуздан кийин дүйнөлүк мунай ташуулар үчүн дагы бир негизги “кууш өткөөл” пайда болот”, – деп белгиледи.

Баб-эль-Мандебдин жабылышы дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрүнүн болжол менен 7 пайызына жана дүйнөлүк сооданын 12 пайызына чейин таасир этиши мүмкүн.

“Эң чоң коркунуч– эки кризистин кошулушу. Хуситтердин чабуулу Бишкектеги май куюучу жайларга түздөн-түз эртең жетип, бензиндин баасын дароо өзгөртөт дешке азырынча эрте. Бирок таасир бир нече баскыч менен келет.

Биринчиден, Баб-эль-Мандебдеги коопсуздук маселеси күчөсө, мунай ташыган танкерлер башка маршруттарды тандай баштайт. Жол узарат. Камсыздандыруу чыгымы өсөт. Транспорттук чыгым көбөйөт.

Экинчиден, дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы жогорулайт. 11-сентябрда Reuters мунайдын баасы жума соңунда май айынын ортосунан бери биринчи жолу баррелине 100 доллардан жогору жабылуу багытында болгонун жазды. Үчүнчүдөн, кымбат мунай мунай продуктуларынын өздүк наркына басым жасайт. Төртүнчүдөн, Кыргызстандагы импортчулар күйүүчү майды кымбатыраак баада сатып алууга аргасыз болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда Кыргызстан үчүн азырынча негизги тобокелдик дүйнөлүк рыноктун өзүнөн эмес, Россиядагы кырдаалдан келип чыгууда. Себеби кыргыз рыногунун негизги бөлүгүн аталган өлкөнүн күйүүчү майы камсыз кылат. Нефть өндүрүүчү заводдордогу үзгүлтүктөр, ички рыноктогу тартыштык жана баанын өсүшү биздин рынокко түздөн-түз өтөт” – деп кошумчалады.

Эксперт баса белгилегендей, Кыргызстандын ички рыногунда күйүүчү майдын баасы буга чейин эле кыйла жогорулаган. Мындай жагдай азырынча Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги күчөдү дегенди билдирбейт.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 10-сентябрда күйүүчү-майлоочу май (ГСМ) рыногундагы кырдаал туруктуу көзөмөлдө экенин маалымдады. Бирок баанын туруктуулугу менен рыноктун коопсуздугу бир түшүнүк эмес. Кампаларда жетиштүү запас болгону менен импорттук баа өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми бир нече жума же айдан кийин жаңы партиялар кымбатыраак баада келсе, чекене баага да басым күчөйт.

“Кыргызстан үчүн кооптуу жагдай дүйнөлүк мунай баасынын өсүшү менен Россиядагы күйүүчү май тартыштыгы бир убакта уланышы мүмкүн болгон шартта түзүлөт.

Биринчи фактор – дүйнөлүк рынок. Ормуз  кысыгынын жабылышы мунайдын глобалдык сунушун кыскартууда. Буга эми Баб-эль-Мандебдеги коркунуч кошулууда.

Экинчи фактор – регионалдык рынок. Ошондой эле Россиянын Нефть өндүрүүчү заводдоруна жасалган соккулар күйүүчү май өндүрүшүн жана ички сунушту кысым алдында калтырууда. Мындай жагдай Кыргызстан сыяктуу импортко көз каранды мамлекеттер үчүн кыйла сезимтал.

Эки фактор бир убакта күчөсө, Кыргызстанда баанын өсүшүн кармап туруу кыйындайт.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Баб-эль-МандебМунайОрмуз кысыгыхуситтер
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

25.11.2026
Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026
Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

24.11.2026
Тажикстанда токтоп турган мунай иштетүүчү заводдорду кайра ишке киргизүү маселеси талкууланды

Тажикстанда токтоп турган мунай иштетүүчү заводдорду кайра ишке киргизүү маселеси талкууланды

24.11.2026
Эмне үчүн Сауд Арабиясы хуситтерди аскердик жактан жеңүүдө кыйынчылыкка туш болууда?

Эмне үчүн Сауд Арабиясы хуситтерди аскердик жактан жеңүүдө кыйынчылыкка туш болууда?

24.11.2026
Ирандын ТИМи: Тегеран АКШнын деңиз блокадасына жана санкцияларына каршы чараларды карап жатат

Ирандын ТИМи: Тегеран АКШнын деңиз блокадасына жана санкцияларына каршы чараларды карап жатат

23.11.2026
ЖМК: Сауд Арабиясы хуситтердин чабуулуна каршы туруу үчүн Украинага, Түштүк Кореяга жана башка өлкөлөргө кайрылууда

ЖМК: Сауд Арабиясы хуситтердин чабуулуна каршы туруу үчүн Украинага, Түштүк Кореяга жана башка өлкөлөргө кайрылууда

23.11.2026
Йемендик хуситтер Сауд Арабиясынын портторуна сокку уруу менен коркутту

Йемендик хуситтер Сауд Арабиясынын портторуна сокку уруу менен коркутту

21.11.2026
Ирандын күчтөрү АКШнын MQ-9 учкучсуз учагын атып түшүргөнүн билдиришти

Ирандын күчтөрү АКШнын MQ-9 учкучсуз учагын атып түшүргөнүн билдиришти

21.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
219 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.