Сауд Арабиясындагы Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө кыргызстандыктарды коргоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу элчилик күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын маалымдады.
“Президентибиздин жана Тышкы иштер министрлигинин тапшырмасы менен биз ар бир жараныбыздын коопсуздугун көзөмөлдөп, байланышта болуп жатабыз”,- деди элчи өзүнүн кайрылуусунда.
Анын айтымына караганда, ыкчам түрдө иштер алынып барылып, Сауд Арабиясындагы студенттер жана умрачылар менен байланышта. Умрачылар боюнча атайын штаб түзүлүп, муфтият, дин иштери менен биргеликте атайын иш чаралар жүргүзүлүп жатат.
Ал ошол эле маалда аба каттамдары боюнча да билдирүү жасап, өлкөнүн ички каттамдары тынымсыз жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле чет элге учууда Сауд Арабиясына тийиштүү авиакомпаниялардын гана учактары учуп, сырттан келген каттамдар кыскартылганын кошумчалады.
“Буга чейин Бахрейнден 35 жаран кайрылды. Алар менен элчилик түз байланышта болуудабыз. Кандайдыр бир өтө кооптуу абал жарала турган болсо, ага жараша даярдыктарды көрүп жатабыз”, – деди У. Марипов.
Ал мындан тышкары, кандайдыр бир маселе жаралса же ыкчам жардам керек болсо, Сауд Арабиядагы түз байланыш номерин калтырган. +966 58 376 99 45
Кечээ, Кыргызстандын ТИМи кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөн убактылуу чыгып кетүүгө чакырып, аймактагы аскердик-саясий кырдаалдын курчушуна жана кырдаалдын мындан ары курчушу мүмкүн болгон тобокелчиликтерине байланыштуу окуялардын өнүгүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген.

















