Кыргызстандыктар эки баласын багуу үчүн курьер болуп иштеген Ажар аттуу аялга бир күндүн ичинде 7 миллион сом чогултуп беришти. Бул окуя социалдык тармактарда кеңири талкуу жаратып, көпчүлүктүн жүрөгүн козгоду.
Баары социалдык тармактарда тараган жүрөк өйүгөн видеодон башталган. Анда кичинекей кыз апасы буйрутмаларды жеткирип жүргөн учурда электрмопеддин үстүндө уктап жатканын көрүүгө болот. Бул көрүнүш интернет колдонуучулардын көңүлүн буруп, көптөгөн адамдарды кайдыгер калтырган жок.
Окуянын каарманы — Ажар аттуу аял. Ал жолдошу менен ажырашкандан кийин эки баласы менен жалгыз калган. Анын айтымында, үй-бүлөгө каржылык жардам көрсөткөн адам жок, өздөрүнүн жеке турак жайы да жок.
Ажар күндүз бала бакчада иштеп, айына 20 миң сом айлык алат. Ал эми бул каражат балдарын багууга жана күнүмдүк чыгымдарды жабууга жетишсиз болгондуктан, кечинде курьер болуп кошумча иштөөгө аргасыз. Балдарын карап турган адам болбогондуктан, аларды да өзү менен кошо алып жүрөт.
Ажардын жашоосу тууралуу видео тарагандан кийин ага жардам берүү демилгеси көтөрүлгөн. Инстаграм социалдык тармагында атайын баракча ачылып, элден каржылык жардам чогултула баштаган.
Натыйжада кыргызстандыктар бир күндүн ичинде Ажарга жана анын эки баласына жардам берүү үчүн 7 миллион сом чогултушкан.
Маалыматка ылайык, жакынкы убакта үй-бүлөгө жеке батир сатып берүү пландалууда. Мындан тышкары, балдарын жеке бала бакчага акысыз кабыл алууга даяр экендиктерин билдиришкен.
Бул окуя кыргызстандыктардын кайрымдуулугун жана бири-бирине болгон колдоосун дагы бир жолу көрсөттү. Кыйын кырдаалга кабылган эненин окуясы көпчүлүктү кайдыгер калтырбай, анын жана балдарынын келечегине үмүт тартуулады.
Эске салсак, ушул жылдын жаз айларында да баласын коляскага салып алып, жөө жүрүп буйрутмаларды жеткирген эне тууралуу окуя коомчулукка кеңири тараган. Ал окуя мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууга алынып, аялга батир белекке берилген.



















