Израилде жарандарга психологиялык жардам көрсөтүү боюнча жүргүзүлгөн сеанстардын саны 3 миллиондон ашты. Бул көрсөткүч согуштан кийинки, ошондой эле экономикалык жана социалдык кризистерден улам элге жасалган психологиялык басым күчөгөнүн көрсөтөт.
“Fars News” агенттиги маалымдагандай, акыркы жылдары Израилдеги медициналык камсыздандыруу фонддору камсыздандырылган адамдарга көрсөткөн психологиялык жардамдарды көбөйтүп, дарылоо сеанстарынын жалпы саны үч миллиондон ашкан.
“Израиль Хайом” гезити маалымдагандай, бул фонддордун баары 2022 жана 2024-жылдар аралыгында психологдор же психикалык саламаттыкты сактоо адистери менен болгон сессиялардын санын 25% га көбөйткөн.
Айрыкча «Клалит» фонду 29%, «Меухедет» 26%, «Маккаби» 21% жана «Леумит» 10% өсүш көрсөткөн. Жалпы психологиялык дарылоо сеанстары 2022-жылы 2,482 миллион болсо, 2024-жылы 3,099 миллионго жеткен.
Бул маалыматтар биринчи жолу Саламаттык сактоо министрлигинин отчетунда жарыяланды. Министрлик камсыздандыруу фонддорун колдоо үчүн болжол менен 3 миллиард шекель (жалпы бюджеттин 3,4%ын) бөлгөн.
Балдар арасында психологиялык жардам эң көп «Маккаби» фондунда, андан кийин «Леумит», «Клалит» жана «Меухедет» фонддорунда көрсөтүлгөн. Чоңдор арасында эң жогорку көрсөткүч «Леумит» фондунда болгон.
2024-жылга психологиялык колдоо программасы үчүн 347 миллион шекель бөлүнсө, 2025-жылга 591 миллион шекель каралган. Бул каражаттар психикалык саламаттык системасын өнүктүрүүгө, «тең салмак үйлөрүн» ачууга жана «психикалык саламаттыкты колдоочулар» деген жаңы кесипти түзүүгө жумшалат.
Буга чейин Bloomberg агенттиги Газа тилкесиндеги жаңжалдын кесепетинен израилдиктер травмадан кийинки стресстик бузулуудан жапа чегип жатышканын, мындан улам өлкөдө менталдык саламаттык жаатында эң масштабдуу кризис байкалып жатканын маалымдаган.
Психикалык саламаттыкты сактоо уюмдарынын коалициясынын маалыматы боюнча, травмадан кийинки стресстик бузулуудан тышкары, Израилде депрессия жана тынчсыздануу деңгээли “рекорддук жогорку чекке” жеткен.
Израилдин Коргоо министрлигинин реабилитациялык бөлүмүндө психикалык ден соолугу жана травмадан кийинки стресстик бузулуулары бар 32 000 жоокер дарыланат, анын ичинде акыркы эки жылда 13 000ге жакыны катталган. Министрликтин божомолунда, бейтаптардын жалпы саны 2028-жылга чейин 50 000ге чейин көбөйөт.


















