Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында 29-августта Ош шаарына Орусиядан атайын делегация келет. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Делегациянын курамында Орусиянын президентинин администрациясынын өкүлү Владимир Балобаев, учкуч-космонавт Фёдор Юрчихин жана космонавт-сыноочу Денис Матвеев бар. Алар шаардагы бир катар маданий жана коомдук иш-чараларга катышат.
Иш-чаралардын программасына ылайык, саат 10:00дө делегация мүчөлөрү көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын мектеп-интернатка барышат.
Андан кийин Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) студенттери жана окутуучулары менен жолугушуу уюштурулат жана конокторго университеттин медициналык факультети жана клиникасы көрсөтүлөт.
Бул сапардын алкагында, спорттук иш-чаралар да пландалган. Делегация бокс секциясына баш багып, Навои паркында шахмат боюнча блиц-турнирге катышат. Бул мелдешке Орусиянын Мамдумасынын депутаты Николай Валуев, Федерация Кеңешинин мүчөсү Сергей Карякин жана Кыргызстандын Улуттук Олимпиадалык комитетинин президенти Умбеталы Кыдыралиев катышат.
Делегация мүчөлөрү Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына арналган мемориалдык комплекске барышып, гүл коюшат. Андан кийин, Ош шаарындагы “Орус үйүн” зыярат кылуу менен иш-чаралар жыйынтыкталат.



















