10-июлда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Якутияга болгон жумушчу сапарынын алкагында республиканын башчысы Айсен Николаев менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде маданият, экономика, айыл чарба жана спорт тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
“Элдик дипломатияны чыңдоого жана жалпы тарыхый-маданий мурасты сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Эдил Байсалов жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, боордош элдердин ортосундагы байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Кыргызстан менен Саха (Якутия) Республикасынын ортосундагы мамилелер көтөрүлүп, достук жана өз ара сыйлашуу рухунда жаңы мазмунга ээ болуп жатканын баса белгиледи”,- деп айтылат маалыматта.
Э. Байсалов бул иш сапарынын алкагында РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусун жетектеген жана Кыргызстанда советтик мамлекеттүүлүктүн калыптанышында негизги ролду ойногон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Якутиянын тургуну Максим Кирович Аммосовдун эстелигине гүл койду.
Мындан тышкары, кыргыз делегациясы Россия элдеринин улуттук рухунун күчүн жана биримдигин символдоштурган XXII Манчаары оюндарына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышууда.

Эскерте кетсек, 8-июл күнү Якутиянын башчысы Айсен Николаевдин чакыруусу өлкөгө барган Эдил Байсалов “Манчаары оюндарынын” салтанаттуу ачылыш аземине катышкан.
Анда ал кыргыз жана якут элдеринин руханий жана маданий жакындыгын баса белгилеп, “Манчаары оюндары” улуттук күчтүн жана спорттук рухтун символу гана болбостон, Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы боордоштук байланыштарды бекемдөө үчүн уникалдуу аянтча болуп калганын белгилеген.
Кошумчалай кетсек, Манчаары оюндары – Саха (Якутия) өлкөсүнүн улуттук спорттун түрлөрү боюнча эң ири спартакиада. Бул оюн 1990-жылдан бери ар төрт жылда өткөрүлөт жана Россиянын ар башка аймактарынан миңдеген спортчуларды бириктирет.


















