Япониянын түндүгүндө күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөөдөн каза каза болгондордун саны 50гө жетти. Зилзаланын очогу Хачинохе шаарынан 135 чакырым жана Уракавадан 91 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Бул тууралуу жергиликтүү NHK телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.
“7,1 баллга жеткен жер титирөө 8-декабрда UTC боюнча саат 14:15те болгон. Очогу Хачинохе шаарынан 135 чакырым жана Уракавадан 91 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жердин силкинүүсү 29 чакырым тереңдикте жайгашкан. TBS телеканалы мурдараак билдиргендей 35 адам каза болгон. Түндүк-чыгыш жана чыгыш жээктеринде цунами жөнүндө эскертүү берилген. Толкундун максималдуу бийиктиги 70 сантиметр болгон”,- деп айтылат маалыматта.
Телеканалдын акыркы маалыматы боюнча, Япониянын Аомори префектурасынын жээгиндеги жер титирөөдөн каза болгондордун саны 50гө жетти. Үйлөр, сарайлар жана кампалар сыяктуу 11 имаратка зыян келтирилген. Хатинохе портунда топурактын суюлушу, ал эми Хигасидори балык уулоочу портунда чөгүү байкалган.
Хачинохе шаары эң көп жабыркаган, жер титирөө 6 баллга жеткен. Жергиликтүү бийлик органдары жана кызматтар келтирилген зыянды баалап, кесепеттерин жоюу иштерин улантууда.
Япониянын Геомейкиндик маалымат агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, өлкөнүн түндүгүндөгү Аомори префектурасынын жээгинде болгон күчтүү жер титирөө катталган жакын жерде жер кыртышынын горизонталдык жылышуусу болжол менен 9 см. болгон.
Бир күн мурун ушул эле префектурада күчү 7,2 баллдык жер титирөө катталып, тереңдиги болжол менен 50 км.ге чейин жеткен. Кийинчерээк Япониянын түндүк-чыгышында 40 см. бийиктиктеги цунами катталган. Мындан тышкары, Ивате префектурасындагы Кужи шаарынын жанында цунами толкундары 50 см.ге жеткен.


















