13-январь күнү Япониянын түштүк-батышында күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болгонун өлкөнүн метеорологиялык агенттиги билдирди.
Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:19да (CET 15:19) катталган.
Жер титирөөнүн очогу болгон Кюсю аралындагы Миядзаки префектурасына жана Сикоку аралындагы Кочи префектурасына цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилип, жээкке жакын жайгашкан кээ бир райондордун тургундарына үйлөрүн эвакуациялоо сунушталып, кээ бир поезддер токтотулган.
Кыйроолор тууралуу маалымат жок.
Япония төрт негизги тектоникалык плитада жайгашкан – Тынч океан плитасы, Түндүк Америка плитасы, Филиппин плитасы жана Евразия плитасы.
125 миллионго жакын калкы бар өлкөдө жыл сайын 1,500дөй жер титирөө болот жана дүйнөдөгү жер титирөөлөрдүн 18 пайызын түзөт.


















