Акыркы үч жуманын ичинде Япониянын жээгиндеги Токара аралдарына жакын жерде 2000ден ашык жер титирөө болду. Учурда япон бийликтери жакынкы 30 жылда өлкөнү капташы мүмкүн болгон мега жер титирөөгө даярдык көрө баштады.
Бул маалыматты lenta.ru агенттиги NHK телеканалынын берүүсүнө шилтеме кылып жазды.
Маалыматта айтылгандай, өлкөдө кыска убакыттын ичинде сейсмикалык активдүүлүк күчөгөн. Айрыкча 21-июндан бери адистер 2002 жер титирөөнү катташкан. Алардын күчү 1ден 5 баллга чейинки аралыкта болгон.
“Токара аралдарынын жээгинде сейсмикалык активдүүлүктүн күчөшү өткөн жылы жана төрт жыл мурун байкалган, бирок бул жолу жер титирөөлөрдүн саны өткөн жылга караганда бир топ көп”, – дешкен сейсмологдор.
Буга чейин Япониянын бийлиги жакынкы 30 жылда өлкөнү капташы мүмкүн болгон мега жер титирөөгө катуу даярдык көрө баштаган.
“Өлкөдө кошумча дамбалар курулат, коргоочу курулуштар бекемделет, тургундарды эвакуациялоо үчүн баш калкалоочу жайлар курулат, элге билим берүү программалары кеңейтилет жана кырсыктар боюнча алдын ала эскертүү системалары өркүндөтүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
Бирок жер титирөөнүн так убактысы жана очогун айтуу мүмкүн эместиги жергиликтүү тургундарды тынчсыздандырууда.
Кошумчалай кетсек, Токарадагы жер титирөөнүн эң көп саны 23-июнда катталып, эсептөөлөр боюнча 183кө жеткен.
Бул датадан кийин сейсмикалык активдүүлүк бир аз азайганы менен, айдын аягында кайра күчөп, 29-июнда 98, 30-июнда 62 жер титирөө катталган. Бул аралдарда 700 адам жашайт.
Мындан мурдагы жарыяланган маалыматтарга караганда 2023-жылдын сентябрында ушундай эле активдүүлүк байкалган. Анда Токара аралдарында 346 жер титирөө катталган.
Өлкө бийлиги жакынкы 30 жылда Нанкай жаракасынын аймагында 75-82% ыктымалдык менен болоору болжолдонгон мега-жер титирөөнүн коркунучун эскерткен. Эгер бул ишке аша турган болсо, кесепеттери катастрофалык болушу мүмкүн.
Эскерте кетсек, Япония төрт тектоникалык плиталардын кесилишинде жайгашкан жана дайыма сейсмикалык окуяларды башынан өткөрүп турат. Бул жерде жыл сайын 1500гө жакын жер титирөө өтөт. Ошондуктан Япония дүйнөдөгү эң активдүү сейсмикалык өлкөлөрдүн бирине кирет.


















