Япониянын Либерал-демократиялык партиясынын (ЛДП) лидери Санаэ Такаити парламенттин эки палатасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында өлкө тарыхында биринчи жолу аял премьер-министр болуп шайланды. Бул тууралуу NHK телеканалы билдирди.
Ошентип, 64 жаштагы Санаэ Такаити Япониянын 104-премьери болуп калды. 2025-жылдын 4-октябрында Такаити ЛДПнын лидерлигин шайлоодо жеңип чыгып, Япониянын эң чоң партиясын жетектеген биринчи аял болгон.
Буга чейин белгилүү болгондой, мурдагы премьер Сигэру Исиба жетектеген өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Исиба бул кызматта бир жылдан бир аз ашык убакыт иштеген. Добуш берүү күнү жакындаганда ЛДП жана «Японияны жаңылоо коому» жаңы коалиция түзүү тууралуу келишимге келишкен.
Бүгүн, 21-октябрда Япониянын жаңы өкмөтү жарыяланып, император Нарухитонун бекитүү аземинен кийин расмий түрдө түзүлдү деп эсептелет.

















