«Яги» тайфуны Түндүк Вьетнамды каптады. Каза болгондордун саны кеминде төрт адамга жетти, деп билдирди Vietnam.vn.
Тайфун өлкөнүн түндүк аймагына 7-сентябрда түштөн кийин жетип, бийлик төрт аэропортту жабууну буйруган. Вьетнамдын премьер-министри Фам Мин Трин да эң кооптуу аймактарда жашаган жарандарды эвакуациялоого буйрук берди.
Жээктеги Хайфон жана Куангнин провинциялары эң катуу жабыркады. Хайфондун жашоочулары асманда металл сыныктары жана жарнак такталары учуп жатканын кабарлашты.
Төрт адам каза болуп, 80ге жакыны жарадар болгону, ондон ашык адам дагы эле дайынсыз экени белгиленген.
Яги буга чейин Кытайдын түштүгүн жана Филиппинди каптап, кеминде 24 адамдын өмүрүн алган. Кытайдын CGTN мамлекеттик телеканалы тайфундан улам 460 миңдей киши эвакуацияланганын билдирди.
Вьетнамдын метеорологиялык агенттиги тайфунду “аймактагы акыркы он жылдыктагы эң күчтүүсү” деп атады.
















