Ирандын коргонуу жетишкендиктери Вьетнам Коргоо Экспо 2024 көргөзмөсүндө көрсөтүлөт.
Eurasia Today агенттигинин IRNA агенттигине шилтеме берип маалымдоосуна караганда, 19-декабрда ачылган Vietnam Defense Expo 2024 экинчи эл аралык коргонуу көргөзмөсүнө 27 өлкөдөн, анын ичинде Ирандан 140тан ашуун вьетнамдык жана чет элдик ишканалар катышууда.
Кечээ Ирандын коргоо министринин орун басары генерал Махди Фарахи баш болгон Иран Ислам Республикасынын делегациясы көргөзмөнүн ачылыш аземине катышты.
Кергезменун ачылышына Вьетнамдын премьер-министри Фам Мин Тинь жана Вьетнамдын башка жогорку даражалуу ишмерлери катышты.
Иран Ислам Республикасынын бул иш-чарага катышуусу коргонуу технологиялары жана коопсуздук жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул ошондой эле Ирандын коргонуу өнөр жайынын жогорку жетишкендиктерин жана дүйнөлүк аренада алдыңкы технологияларды жана жабдууларды көрсөтүүгө умтулуусун көрсөтөт.
Бул көргөзмө аркылуу Иран башка өлкөлөр менен коргонуу мамилелерин чыңдоого, технологияларды өткөрүп берүүгө жана биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулууда.
Ханойдогу Зиалам аскердик аэродромунда уюштурулган көргөзмө 22-декабрга чейин уланат.














