Израилдин аба күчтөрүнүн 13-июнда таңма маал Иранга жасаган соккусунун натыйжасында Тегерандагы бир катар турак жайлар, имараттар жана унаалар жабыркады.
“Mehr News” агенттиги Израилдин чабуулунун кесепеттеринин кадрларын жарыялады.
Сүрөттөрдөн турак-жай имараттарына сокку уруунун натыйжасында имараттардын айрым бөлүктөрү талкаланып, терезелери сынып, автоунаалар зыянга учурагандыгын көрүүгө болот.
IRIB телеканалынын маалыматына караганда, Израилдин Тегеранга жасаган чабуулунан кеминде 50 киши, анын ичинде кеминде 35и аялдар жана балдар жарадар болгон.
Израилдин аба күчтөрү 13-июнда таңга маал Ирандагы өзөктүк программа жана аскердик объектилер менен байланышы бар делген ондогон буталарга сокку урду. Ошондой эле ирандык аскер командирлери да бутага алынган. Тегерандын ар кайсы аймактарында жана өлкөнүн башка шаарларында бир нече жардыруулардын үнү угулду.
Кол салуудан Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командири Хоссейн Салами, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генерал-майору Гуламали Рашид жана анын уулу, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери, ошондой эле үч физик-окумуштуу каза болду.
Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Тегеранга каршы “алдын-алуучу сокку урулганын” жарыялады. Ошол эле маалда Кац Иранга сокку урууга байланыштуу өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялады.
Иран Израилге катаал жооп кайтарыларын эскертти.



















