Израилдин коргоо күчтөрүнүн Башкы штабынын борбордук кеңсеси Иран тарабынан атылган ракеталардан жабыркады.
Ирандын баллистикалык ракетаcы Тель-Авивдеги Израил коргоо министрлигинин штаб-квартирасына тийди, деп кабарлайт Израилдин 13-каналы. Иран мамлекеттик IRNA агенттиги билдиргендей, штаб-квартирага бир нече ракета тийди.
Израил коргоо министрлигинин штаб-квартирасы Тель-Авивдеги Кирья мамлекеттик комплексинин Маткаль мунарасында жайгашкан.
Бул шаардагы башка объектилерге дагы бир катар ракета тийгендиги катталган.
Иран күчтөрүнүн жаңы чабуулунун максаты – 27 АКШ базасы, ошондой эле Израил армиясынын Башкы штабынын кеңсеси Ха-Кирья жана Тель-Авивдеги ири коргонуу өнөр жай комплекси болгон. Бул тууралуу Mehr агенттиги Ирандын Ислам революциясын коргоо корпусуна (ИРСК) шилтеме берип кабарлады.
«Операциянын алтынчы толкуну… оккупацияланган аймактарга жана аймактагы америкалык аскердик базаларга ракеталар менен учкучсуз учактардын массалык чабуулу аркылуу жүргүзүлдү», – деп айтылат билдирүүдө.
ИРСК өз билдирүүсүндө душмандын аймагында аба коркунуч сигналдарын үнсүз калтырбоого убада берди.

















