Астанада Казакстан менен Италиянын президенттеринин жолугушуусу болуп өттү.
Касым-Жомарт Токаев менен Сержио Маттарелла эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүүнү талкуулашты.
Маалыматты Казакстандын президентинин аппаратынын басма сөз кызматы таратты.
Касым-Жомарт Токаев италиялык делегацияны жылуу кабыл алып, азыркы жолугушуу эки өлкөнү тең кызыктырган эки тараптуу мамилелердин олуттуу аспектилерин талкуулоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
Казакстандын президенти Италияга жакында болгон ийгиликтүү сапарын эске салып, кабыл алуучу өлкөнүн меймандостугун жана жемиштүү сүйлөшүүлөр үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экендигин белгиледи.
Ал Казакстан менен Италиянын ортосунда түрдүү тармактарда абдан тыгыз кызматташтык түзүлгөндүгүн баса белгиледи.
“Биздин рынокто көптөгөн италиялык компаниялар иштейт. Тез өсүш бар. Маданий-гуманитардык байланыштар да динамикалуу өнүгүп жатат. Ошондуктан, биздин өлкөлөр ортосунда абдан бекем мамилелер түзүлдү деп эсептейм”, – деди Касым-Жомарт Токаев.
Сержио Маттарелла өз кезегинде жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, аны эки өлкөнүн ортосундагы чыныгы достуктун далили деп атады. Ал эки тараптуу мамилелердин абалын жогору баалап, стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктү белгиледи.
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты.
Касым-Жомарт Токаев Италия Казакстандын үч ири соода өнөктөшүнүн, ошондой эле республиканын экономикасына эң ири 5 инвестордун катарына кирерин белгиледи.
Ошондой эле жолугушууда Касым-Жомарт Токаев менен Сержио Маттарелла дүйнөлүк күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Президенттер акыркы жолу 2024-жылдын январында Римде жолугушкан.
Анда мамлекет башчылары Казакстан менен Италиянын дүйнөлүк аренадагы, анын ичинде БУУнун жана ЕККУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушуп, эки өлкөнүн президенттери БУУнун Уставынын принциптерин урматтоого негизделген эл аралык мамилелер системасын жана глобалдык коопсуздукту чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешкен.



















