Испаниянын Улуттук метеорология институту өлкөнүн айрым аймактарында катаал аба ырайынын күтүлүп жатканын билдирди. Бул өзгөчө октябрь айынын аягында суу ташкынынан жапа чеккен Валенсияга тиешелүү.
Бул тууралуу ТАСС агенттиги метеорологиялык кызматтын сайтында билдирди.
Падышалыктын чыгышында жаан-чачынга байланыштуу эскертүү деңгээли сары (коркунуч) жана кызгылт сары (жогорку коркунуч) чейин көтөрүлдү.
Аба ырайына байланыштуу эскертүү 14-ноябрга чейин күчүндө болот.
Белгилей кетүүчү жагдай, жакында Испаниянын айрым аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 200дөн ашык адамдын өмүрүн алган жана материалдык зыян келтирилген.
















