Ирандагы согушка байланыштуу АКШ менен Испаниянын ортосундагы мамилелердеги чыңалуу күчөп жатат. Испаниянын премьер-министри Педро Санчес АКШнын Иранга каршы операциялар үчүн колдонуп келген эки испан аскердик базасын пайдалануу тууралуу өтүнүчүн четке каккандан кийин бул кырдаал курчуду.
Бул тууралуу CNN кабарлады.
«Испания өкмөтүнүн позициясын бир эле сөз менен айтууга болот: согушка жок», — деп билдирди Санчес шаршемби күнү. Ал ошондой эле 2003-жылы испан аскерлеринин АКШ жетектеген Ирак согушуна катышканын эске салды.
Буга жооп катары АКШнын президенти Доналд Трамп Испания менен сооданы токтотуу коркунучун билдирген. Анын айтымында, Испания «бизге керек болгон эч нерсени өндүрбөйт».
Акыркы келишпестиктерге карабастан, АКШ менен Испания мурда көп жолу аскердик кызматташтык жүргүзүп келген. Мунун далили катары Испаниянын аймагында жайгашкан эки аскердик базаны биргелешип пайдалануу мисал боло алат.
АКШнын деңиз күчтөрү Рота базасында иш алып барат. Бул база Кадис булуңунун аймагында жайгашкан. Ал эми АКШнын аба күчтөрү Морон-де-ла-Фронтер авиабазасын колдонушат. Бул база Севилья шаарынын четинде жайгашкан.
Бул эки база АКШ үчүн бир катар аскердик операцияларда маанилүү роль ойногон. Алардын катарына Перс булуңундагы (1990–1991), Югославиядагы операциялар, , Ирак жана Жакынкы Чыгыштагы акыркы жаңжалдар кирет.
Маалыматка ылайык, Рота базасында болжол менен 6000 америкалык (аскер кызматкерлери, жарандык кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү) жашайт. Ал эми Морон-де-ла-Фронтера авиабазасында 550гө жакын америкалык (аскерлер жана жарандык кызматкерлер) бар.

















