10-июлда Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында жыл сайын өтүүчү «Бугудан элге» аттуу кайрымдуулук иш-чарасынын 10 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди.
Бул саамалыкты туруктуу уюштуруп келген Рахат Жунушбаева, «Hyundai Group Elevators» жана «SKY Industrial Group» компанияларынын негиздөөчүсү катары, кайрымдуулукту үзгүлтүксүз жасап келет.
Иш-чарага Тоң районунун акими Осмонов Бактыбек Арапбаевич, Түштүк Кореядан келген эколог-инженер доктор Гвон Ын Ми, айыл аксакалдары, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы Рахат Жунушбаевага активдүү коомдук социалдык ишмердүүлүгү үчүн тапшырылып, легендарлуу парламенттин депутаты Турат Султанов өз сөзүндө:
«Эркектер жасай албаган ишти жасап жатасың!» — деп, ыраазычылык жана алкоо билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларына тапшырып, ийгиликке жетишкен 11 бүтүрүүчүгө Рахат Жунушбаева тарабынан акчалай сыйлык тапшырылып, билим жолуна ак батасын берди. Абитуриенттердин РФ ЖОЖдоруна өтүшүн Рахат Жунушбаева демилгелеп чыккан.
Сертификаттарды «Демилге KG» билим берүү фондунун жетекчиси Бактыгүл Усманова тапшырды.



















