Өткөн жылы (2023-2024) Иранга 6 миллион 380 миң чет элдик турист келген. Бул көрсөткүчтүн жылдык өсүшү 10 пайызды түзөрү күтүлүүдө.
Бул тууралуу өлкөнүн Маданий мурас, туризм жана кол өнөрчүлүк министри Реза Салехи Амири билдиргенин “Mehr News” агенттиги жазды.
Министр Ислам Республикасы жылына 15 миллионго чейин турист кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок ал үчүн кошумча инфраструктура даярдалышы керектигин белгиледи.
Амири белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө 48 миң тарыхый-маданий объектилер бар, анын 28и материалдык жана 27си материалдык эмес мурастардын катарына кирет. Жакында дагы 48и ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилиши мүмкүн.
Анын айтымында, дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Иран туризмдин жагымдуулугу боюнча дүйнөдө жетинчи орунда турат. Бирок улуттук статистика боюнча өлкө үчүнчү орунда турат. Ошондой эле маданий мурас, жаратылыш, экология жагынан Ирандын деңиз туризми дүйнөдө өзгөчө орунду ээлейт. Дагы бир келечектүү багыт – бул экотуризм.

















