Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи көп убакыттан кийин алгачкы жолу коомчулукка чыгып, Ашура түнүндөгү диний аземге катышты. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди.
Агенттикте жарыяланган сүрөттүн алдында мындай деп жазылган:
«Ислам революциясынын лидери аятолла Хаменеи Ашура түнүндөгү аза күтүү аземине имам Хомейнинин мавзолейинде катышты».
Ашура — мусулмандар үчүн ыйык күн. Ал күн — пайгамбар Мухаммеддин небереси имам Хусейндин шейит болгон күнү катары белгиленип, аза күнү болуп эсептелет. 2025-жылы Ашура күнү 5-июлга туура келди.
Имам Хомейнинин мавзолейи — Ирандын биринчи Жогорку Лидери аятолла Рухолла Хомейниге арналган эстелик-мамлекеттик көрүстөн. Ал жерде өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү жерге берилген.
Июндун ортосунда Израил Ирандын аймагына бир нече аба соккуларын жасаган. Бул чабуулдарда Ирандын ондогон жогорку даражалуу аскер жетекчилери жана бир нече белгилүү ядролук илимпоздору каза болгон.
Ошол эле маалда АКШнын президенти Дональд Трамп жана Израильдин расмийлери аятолла Хаменеини мүмкүн болгон өлтүрүү тууралуу билдирүүлөрдү жасашкан. Трамп социалдык тармактарда Хаменеини “өлүмдөн куткарып калганын” айтса, Израилдин коргоо министри мүмкүнчүлүк болсо, Хаменеи жоюлмак деген пикирин билдирген.
Бирок Хаменеи Израиль менен болгон кагылышуу жана АКШнын Ирандын ядролук объекттерин бомбалоосунан кийин дагы бир жолу коомго кайрылуу жасаган. Июндун аягында ал Ирандын Израилге болгон жеңишин жарыялап, элди куттуктаган.

















