Ирандын жогорку лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу жана жерге берүү зыйнаты анын туулган шаары Мешхедде аяктады.
Анын сөөгү Имам Резанын мавзолейине коюлду.
Акыркы учурда Хаменеиге коштошууга келген адамдардын өтө көптүгүнөн улам, аза күтүү жүрүшүнүн уюштуруучулары мавзолейге бара турган багытты өзгөртүүгө аргасыз болушту. Лидердин сөөгү салынган кортеж мавзолейге чейин жете албай калгандыктан, аны тик учак аркылуу жеткирүүгө туура келди.
Мавзолейдин аймагында Хаменеи жана аны менен кошо каза болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө жүз миңдеген адамдардын катышуусунда жаназа намазы окулду. Андан соң расмий жерге берүү зыйнаты өттү.
28-февралда АКШ менен Израилдин соккуларынын натыйжасында каза болгон Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу иш-чаралары 3-июлда Тегеранда башталган. Аза күтүү аземине кеминде 100 өлкөдөн келген жогорку деңгээлдеги делегациялар катышкан.
4–5-июль күндөрү аятолланын сөөгү Тегерандагы эң ири диний жана коомдук комплекстердин бири болгон “Мосаллада” коюлуп, эл менен коштошуу уюштурулган.
6-июлда Тегерандын негизги көчөлөрү аркылуу аза күтүү жүрүшү өтүп, андан кийин сөөгү Ирандын башкы диний борбору болгон Кум шаарына жеткирилген. 7-июлда Кум шаарында да аза күтүү аземдери өткөрүлгөн.
Ошол эле күнү кечинде Али Хаменеинин сөөгү Иракка жөнөтүлүп, ал жерде жергиликтүү тургундар үчүн Нажаф жана Кербела шаарларында өзүнчө коштошуу аземдери уюштурулду. Маркумдун сөөгү Мешхедге таң эрте алып келинмек, бирок коштошууга келген адамдардын санынын көптүгүнөн иш-чаралар созулуп, маркумдун сөөгү Иранга түштөн кийин учак менен алып келинди.

















