Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи америкалык студенттерге кайрылды

  • Америка, Батыш Азия, ТОП жаңылыктар
  • 30.05.2024 13:57

Loading

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи палестиналыктарды колдоп чыккан америкалык университеттердин студенттерине кайрылуу-кат жазып, анда алардын Палестина элин коргоодогу позициясын жогору баалады.

“Мен бул катты Газадагы эзилген аялдар менен балдарды коргоого абийири ойгонгон жаштарга жазып жатам. Силер Каршылык көрсөтүү фронтунун бир бутагын түзүп, узурпатор жана ырайымсыз сионисттик режимди (Израиль режимин – ред.) ачык колдогон бийлигиңердин тынымсыз кысымы алдында ардактуу күрөштү баштадыңар”, – деп айтылат Ирандын жогорку лидеринин кайрылуусунда.

Ал алыскы жердеги Каршылык көрсөтүүнүн улуу фронтунун максаты – көп жылдардан бери Палестина элине кордук көрсөтүп келген «сионисттер» деп аталган террордук жана ырайымсыз бир тармактын зордук-зомбулугун токтотуу деди.

Тема боюнча

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Анын айтымында, сионисттик режими тарабынан бүгүнкү күндө палестиналыктарга каршы жасаып жаткан  геноцид – өткөн ондогон жылдардагы зомбулук аракеттеринин уландысы болуп саналат.

“Палестина – ислам, христиан жана иудаизмди тутунган элдерди камтыган, эбегейсиз тарыхы бар көз карандысыз жер”, – деди Ирандын жогорку лидери.

Хаменеи Дүйнөлүк согуштан кийин сионисттик тармактын капиталисттери британиялык өкмөттүн  колдоосу менен Палестинанын жерлерине бир нече миң террористтерди акырындык менен ташып келишкенин, алар палестиналыктардын шаарларына, айылдарына кол салышып, он миңдеген адамдарды кырып же коңшу өлкөлөргө кууп чыгып, үй-жайын, базарларын, талааларын тартып алып, Палестинанын басып алган аймагында Израиль деген өкмөттү түзүшкөнүн белгиледи.

Ал англичандардын биринчи жардамынан кийин бул узурпациялоочу режимдин эң чоң колдоочусу – Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү экенин, алар бул режимге саясий, экономикалык жана курал жагынан колдоосун улантып, ал тургай ага өзөктүк курал чыгарууга жол ачып, бул жаатта ага жардам берип жатканын кошумчалады.

“Сионисттик режим биринчи күндөн баштап Палестинанын коргоосуз калкына каршы “темир муштум” саясатын колдонуп, бардык абийир, адамдык жана диний баалуулуктарды этибарга албай, зулумдукту, террорду жана репрессияны күндөн-күнгө күчөтүп жатат. Ал эми АКШ өкмөтү жана анын союздаштары бул террорчулукка жана тынымсыз зордук-зомбулукка кабагын да түйүп койгон жок жана бүгүнкү күндө да АКШ өкмөтүнүн Газадагы коркунучтуу кылмышка байланыштуу кээ бир билдирүүлөрү реалдуулуктан алда канча эки жүздүү”, – деген иран рахбары.

Анын айтымында, Каршылык көрсөтүү фронту ушундай караңгы жана көңүлдү чөктүрүүчү жагдайдын натыйжасында түзүлүп, Иранда Ислам Республикасынын өкмөтүнүн түзүлүшү аны кеңейтип, күч-кубат берди.

Ал белгилегендей, сионисттердин толук көзөмөлүндө туруп, каржыланган батыштык маалымат каражаттарынын көбү эр жүрөк каршылык көрсөтүү фронтунун адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана өз жерин коргоого жасаган бардык аракеттерин каралап, аны терроризм деп атап жатышат.

Сионисттик баскынчылардын кылмыштарына каршы өз жеринде өзүн коргогон эл террорчубу? Бул элге адамдык жардам көрсөтүү жана алардын күчүн арттыруу терроризмди колдоо болуп саналабы? Бул маалымат каражаттары Израилдин террорчу жана ырайымсыз режимин өзүн-өзү коргогон режим катары көрсөтүп, эркиндикти, коопсуздукту жана өз тагдырын өзү аныктоо укугун коргогон Палестинанын каршылык кыймылын террорчулар деп атап жатышат.

“Учурда кырдаал өзгөрүп жаткандыгына ишендиргим келет. Батыш Азиянын сезимтал чөлкөмүн башка тагдыр күтүп турат. Дүйнө жүзүндө көптөрдүн абийири ойгонуп, чындык айкын болуп баратат. Каршылык көрсөтүү фронту өз кезегинде күч алды жана мындан да күчтөнө берет. Тарых да жасалып жатат”, – деп баса белгиледи Хаменеи.

Ал мындан тышкары, Палестинага тилектештик билдирүү үчүн АКШнын ондогон университеттеринин студенттери жана окутуучуларынан тышкары, башка мамлекеттердеги студенттер жана элдер да көтөрүлүшкөнүн белгилеп, алардын жардамы жана колдоосу маанилүү жана таасирдүү окуя болуп саналарнын билдирди.

“Мен дагы силер жаштар менен тилектешмин жана силердин туруктуулугуңарды баалайм”, – деди аятолла.

Белгилей кетсек, апрель айында АКШдагы ондогон ири университеттеринин студенттери Палестинаны колдоо жана Израилге каршы массалык нааразычылык акцияларын өткөрүү өнөктүгүн башташщкан. Студенттер окуу жайлардын аймагына чатырлар лагерлерин куруп, митингдерди өткөрүшүүдө. Алар Газадагы согушта каза болгондордун саны өсүп жаткандыгына байланыштуу университеттердин жетекчилигинен Израиль менен бардык кызматташтыкты токтотууну, Израиль менен каржылык байланышы бар ишканалар менен байланышты үзүүнү талап кылышууда. Митингдер камоолор менен коштолууда. Антиизраилдик манифестанциялар андан ары Европанын өлкөлөрүнө чейин жетип, азыркы тапка чейин тынчый элек.

Израилдин Газа тилкесиндеги согушу 7-октябрдан бери уланууда. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматтарына караганда, согуш учурунда 36 миңден ашуун палестиналык каза болуп, 81 миңге жакыны жарадар болду.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШАли ХаменеииранкайрылууПалестинастудент
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

17.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

17.11.2026
Соттук-медициналык эксперт: Джеффри Эпштейн өлтүрүлгөн

Соттук-медициналык эксперт: Джеффри Эпштейн өлтүрүлгөн

17.11.2026
Изилдөө: Трампты колдогон шайлоочулардын 35%ы АКШдагы аралык шайлоого катышкан эмес

Изилдөө: Трампты колдогон шайлоочулардын 35%ы АКШдагы аралык шайлоого катышкан эмес

17.11.2026
Кытай, Иран жана Борбор Азиянын кургактагы мейкиндиги

Кытай, Иран жана Борбор Азиянын кургактагы мейкиндиги

17.11.2026
Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

17.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Аракчинин АКШнын коргоо министринин дарегине айткан шылдыңы: Тарыхтан сабак алгыла!

Аракчинин АКШнын коргоо министринин дарегине айткан шылдыңы: Тарыхтан сабак алгыла!

17.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.